БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" жана "Ак-Ордо" жаңы конуштарындагы бир нече үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта 16-майда түшкө жуук нөшөрлөп жааган жамгырдан улам арыктан чыккан суу "Арча-Бешик" Кара-Кужур, Чортеков, Шербет жана Бердибаев көчөлөрүндөгү бир нече үйдү каптап кеткен.
ӨКМ арыктардын туура эмес салынышы жана анын маалында тазаланбаганы окуяга себеп болгонун айтууда.
Ушундай эле абал "Ак-Ордо" жаңы конушунда катталып, ал жактан да бир нече үйдүн короосуна суу кирген.
Куткаруучулар сууларды сордуруп, жарандык коргоо комиссиясы жеринде иштеп жатат.