БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында сел жүрүп 100 койду агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-май күнү, түнкү саат саат 2:30дар чамасында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Тактык жайлосунда сел жүргөн.
Изилдөө, тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук Жарандык коргоо комиссиясы жөнөп кеткен.
Эскерте кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылынын Данги участогунда чагылган трансформаторго түшүп, ал иштен чыккан. Андан сырткары трансформатордун айланасында оттоп жүргөн 10 кой өлгөн.