БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылынын Данги участогунда чагылган трансформаторго түшүп, ал иштен чыккан. Андан сырткары трансформатордун айланасында оттоп жүргөн 10 кой өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 14-майда саат 16:20 чамасында болгон.
Ошондой эле, Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы Коргонсай аймагында 14-майда катуу жааган жамгырдан улам саат 19:50лөр чамасында сел жүргөн. Анын кесепетинен үч үйдүн пайдубалын, 40ка жакын чарба аянттары, 1,5 чакырым ички чарбалык жол жана эгин талааларына суу берүүчү каналдар жабыркаган.
Учурда жарандык коргонуу кызматтарынан түзүлгөн комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.