Төрага Турсунбеков: ардагерлерибиз каармандыктын үлгүсү катары кала берет

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда учурда Улуу Ата мекендик согуштун 820 ардагери жашап жатат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктаган Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кийинки муундар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдигине баш ийип миң мертебе таазим кыларын айтты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирүү таратты.

Анда 71 жылдыгы белгиленип жаткан Жеңиш күнүнүн мааниси зор экендиги, ал миллиондогон адамдардын согуштагы эрдиги менен ооруктагы эмгегинин, жалпы элдин кажыбас кайратынын аркасында жаралган жеңиш экендиги белгиленген.

"1945-жылдын 9-майы – адам баласынын оор кайгысы менен зор кубанычы тогошкон күн. Биз – Улуу Жеңиш ээлеринин урпактары кан майданда каза болгондордун, андан кийин көзү өткөн согуш жана оорук ардагерлеринин, азыр да арабызда жүргөн карыяларыбыздын чыныгы эрдигине сыймыктануу менен, башты ийип миң мертебе таазим кылабыз", — деген Турсунбеков.

Спикер учурда өлкөдө миңге жетпеген ардагер бардыгын, алар чыныгы каармандыктын үлгүсү катары кала берерин айткан.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу жеңиштин 71 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасында - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: бейкүнөө адамдар өлүп, тынчтыктын мааниси жүз эселеп өсүп турган чак
"Адамзатты фашизмдин кандуу чеңгелинен бошоткон ата-энелерибиздин катары улам суюлуп барат. Ушу тапта 820 согуш ардагери калыптыр. Алардын эрдиги эчендеген урпактардын учугу узун уламышына айланып, келечек муундарга чыныгы каармандыктын үлгүсү катары кала бере тургандыгына терең ишенем", — деп айткан куттуктоосунда ЖК төрагасы.

Ал ардагерлерге карыялык каада, улуулук нуска жана чың ден соолук, бакубат өмүр каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0