БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ак кула" ат майданында көк бөрү турниринин финалы өтөт.
Анда финалга чыккан "Сары-Өзөн" командасы менен "Достук" беттешет. Ал эми үчүнчү орунга болгон оюнда "Кең Талас" менен "Талас" командалары күч сынашат.
Эскерте кетсек, турнирдин жарым финалдык оюндары 7-май күнү "Ак кула" ат майданында өтүп, анда "Сары-Өзөн" командасы "Кең Таласты" 10:2 эсебинде утуп алса, "Талас" командасы 2:4 эсебинде "Достуктан" жеңилүү ызасын тарткан.
Мелдеш Жеңиш күнүнүн урматына уюштурулуп, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов жана белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган.