Эртең өлкө аймагында күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаайт

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймагында күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Айдоочу кулаган дарак тууралуу: кетейин деп жатканда машинамды бак басып калды
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактардагы автожолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптайт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Аба ырайы +19…+21 градус жылуу болот. 

Ош шаарында дагы күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 4-9 метрге жетет. Күндүз +24…+26 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0