Бүгүн, 3-майда Бишкекте бак кайтадан автоунаага кулады.
Жабыркаган автоунаанын айдоочусу Фархад Алиевдин айтымында, окуя Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10.00дөр чамасында оорукананын маңдайында болгон.
"Мен таксистмин. Жүргүнчүнү жаңы эле түшүрүп, кетейин деп жатканда машинама бак кулады", — дейт ал.
Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Бирок машинанын арткы айнеги сынып, бампери мыйрыйып калган.
Бишкекте акыркы учурда кулаган бактар көп катталууда. 27-мартта Турусбеков көчөсүндө бак кулап, ал жолдо бараткан машинаны басып калган. Анын кесепетинен 37 жаштагы айдоочу каза болгон.