Азимжан Аскаровду бошотуу талабын эми Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм коё баштады

© Фото / пресс-служба ГСИН КРКыргызстанда соттолгон Азимжан Аскаров. Архив
Кыргызстанда соттолгон Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган уюм Кыргызстан бийлигин "Баш мыйзамдагы жобонун жана адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттемелердин шартын сактоого" чакырат. Буга чейин ушундай эле талап менен БУУнун адам укугу боюнча комитети да чыккан.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыйноого каршы дүйнөлүк уюм (ККДУ) жана анын алдындагы Адам укугу боюнча эл аралык федерация Кыргызстанда соттолгон Азимжан Аскаровду шарттуу бошотуу талабын коюп жатканы аталган уюмдун сайтында айтылат.

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттун чечимин кайра кароо керек
Эске сала кетсек, 21-апрель күнү Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери улут аралык мамилелерди козуткан деген айып менен эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууну талап кылган докладын жарыялаган. Аны бир катар дүйнөлүк уюмдар колдоп чыккан. КРдин Жогорку соту ишти кайра карап чыгууга даяр экенин белгилесе, эксперттер БУУ мындай талабы менен Кыргызстанды кылмышка түртүп жатканын айтышууда.

"Башкы прокуратура Азимжан Аскаровду сот иши кайра каралгыча бошотуусу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ККДУ Кыргызстан бийлигин "Баш мыйзамдагы жобонун жана адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттемелердин шартын сактоого" чакырат.

"Кыргызстандын сот органы тарых барактарында кандай ат менен кала турганын тандаар мезгил келип жетти. Мамлекет же репрессия тарабында, же мыйзамдуулук тарабында калышы керек", — дейт уюмдун башкы катчысы Жеральд Стейброк.

БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер: БУУнун комитети Кыргызстанды кылмыш жасоого түртүп жатат
Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырганы, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

Ага жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.

Азимжан Аскаров тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0