Азимжан Аскаров деген ким?

© Фото / пресс-служба ГСИН КРӨмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров. Архив
Өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине даттанып, алар акыркы бүтүмүн 31-мартта чыгарган. Комитет аны өзүнүн сайтына 21 күндөн кийин жарыялаган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери улут аралык мамилелерди козуткан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровду бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууну талап кылды. Бул туурасында БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин расмий сайтында айтылган. 

Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине даттанып, алар акыркы бүтүмүн 31-мартта чыгарган. Комитет документти өзүнүн сайтына 21 күндөн кийин жарыялаган. 

Sputnik Кыргызстан дипломатиялык тирешүүгө алып келген бул кишинин таржымалына абай салды. 

Күнөстүү шаардын күйүттүү трагедиясы. Июнь коогалаңына беш жыл
Азимжан Аскаров — Кыргызстандын жараны, этникалык өзбек, "Воздух" деп аталган укук коргоочу уюмду жетектеген.

Ал 2011-жылы болгон Ош коогалаңында улуттар арасында кастык отун жаккандыгы үчүн эркинен ажыратылган. Аны менен кошо абакка дагы сегиз киши кесилген. 

Соттун өкүмүндө ал стратегиялык маанидеги Бишкек — Ош кан жолун тоскондордун уюштуруучусу болгондугу айтылат. Нааразы болгондорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан курал-жарагы жок 13 милиционер жаалданган топ тарабынан аёосуз сабалган. Ал эми алардын бири — Сулаймановду өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберишкен. 

Аскаровго карата чыккан өкүмгө Human Rights Watch жана Amnesty International уюмдары, ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун жана Азиза Абдрасулова баш болгон бир катар укук коргоочулар каршы чыккан. 

2013-жылы сентябрь айында Бишкек шаарында өткөн эл аралык "Бир дүйнө — Кыргызстан" фестивалында чыр чыккан. Бир нече аялдар "Азимжан Аскаров" деп аталган даректүү тасманын көрсөтүлүшүнө каршы чыккан. 

Ал эми 2015-жылдын жайында Кыргызстандын Жогорку Соттун чечиминен төрт жыл өткөндөн кийин АКШнын мамдепартаменти Аскаровго адам укугу жаатында сыйлык ыйгарган. 

Буга расмий Бишкек токтоосуз түрдө жооп кылып, сыйлыктын берилишин сынга алып, аны тааныбай турганын билдирген. 17-июлда АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлзга Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев каршылык нотасын тапшырган.

"Кыргызстан бул факторду калктын биримдигине доо кетирүүчү жагдай деп эсептейт", — деп билдирген кыргыз ТИМи.

Анын эртеси, 18-июлда Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарган

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев сыйлыктын тапшырылышына провокация деген баасын берип, кыргыз ТИМинин кадамын толугу менен колдой турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0