00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Женщина, меняющая мир»: Галина Кетова о вдохновляющих историях силы и ответственности
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бириккен улуттар уюму Азимжан Аскаровду бошотууну Кыргызстандан талап кылууда

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУнун желеги. Архив
БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу менен бирге эле чыгымдарын толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү деген бүтүм чыгарган.

БИШКЕК, 22 — апр. — Sputnik. Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери улут аралык мамилелерди козуткан деген айып менен отурган Азимжан Аскаровду бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууну талап кылат. Бул туурасында БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин расмий сайтында айтылган. 

Эксперттер ал "мыйзамсыз камалгандыгын, адам чыдагыс шартта кармалып тургандыгын, кыйноолорго кабылып, ага жаман мамиле жасалгандыгын" белгилешкен. Андан сырткары "соттук териштирүүлөргө камданып, өзүн актоого даярдануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган", — деп айтылат.

Азимжан Аскаровдун Кыргызстанга каршы арызын караган БУУ комитети ага карата күнөөлүү деп чыгарылган чечимди жокко чыгарууга чакырган.

Өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаров деген ким?
Комитетке адам укугу боюнча кирген көз карандысыз 18 эксперт Кыргызстан Аскаровго күнөө тагып жатып, жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык Пактынын беренелерин бузган деген кине тагууда. Белгилей кетсек, Кыргызстан бул Пактыга мүчөлүккө кирген.

Алар Аскаровду алгач, каза болгон кызматкер иштеген милициянын бөлүмүндө кармап турган жана "аны коргоого кепилдик бере турган коопсуздук боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн эмес" деп айтышкан. 

Комитет "көз карандысыз эксперттер жүргүзгөн соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында башка далилдер менен катар эле аны кыйнагындыгы анык болгон", — деген бүтүмгө келген. 

Ошондой эле Кыргызстан Аскаровдун кыйноолорго кабылгандыгы боюнча арыздарын тез арада жана майнаптуу кылып иликтөөнү камсыздаган эмес деп билдирген. 

"2003-жылы жүргүзүлгөн кийинки иликтөөлөр, "кеңейтилип жасалганы менен калыстыктын принциптери менен камсыздалган эмес. 100гө чукул тартип коргоо органдарынын кызматкерлери, соттордун, соттук катчылардын жана прокуратура кызматкерлери суралганы менен, түрмөгө барып жана Аскаровдун жакындары менен жолуккан жактоочулар, укук коргоочулар четте калган", — деп билдирген комитет.

Комитет Аскаровду "адам чыдагыс шартта кармалганын жана ал оорусуна байланыштуу талаптагыдай дарылоо менен камсыз болбогонун" билдирген. 

Аскаровго Кыргызстандын "чыгымдарын толук төлөп бериши" талап кылынууда…

Аскаров комитетке жазган арызында жактоочусу менен көзмө-көз жана өзүнчө жолугууга мүмкүн болбогондугун, аны коргоо боюнча зарыл болгон маалыматтар берилбегендигин айткан. 

ТИМ Азимжан Аскаров боюнча БУУнун эксперттерине жооп берет
Каза болуп калган укук коргоо органынын кызматкеринин туугандары анын адвокатына бир нече ирет кол салып, буга милиция жана прокуратура кийлигишпегендигин белгилешкен. 

Комитеттин пикиринде, "коркунуч жараткан мындай кырдаал адвокаттын өзүнүн кесиптик милдетин талаптагыдай аткаруусуна мүмкүндүк берген эмес". 

Андан сырткары Аскаровдун жактоочусуна 2010-жылдын 2-сентябрында өткөн биринчи соттук отурум боюнча өтө кеч билдиришкен. Анда сот күнөөлөп жаткан тараптан 16 күбөнү уккан деп комитеттен билдирген.

Комитет Кыргызстан Азимжановго чыгымдарын толугу менен төлөп берүүгө жана токтоосуз бошотууга милдеттүү деген бүтүм чыгарган.

"Зарылдыгына жараша" объективдүү жана калыс, күнөөсүздүк презумпциясы жана башка процесстик кепилдиктер берилген шартта соттук жаңы процесс өткөрүлүшү керек", — деп комитет мүчөлөрү белгилешкен. 

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандыргандыгы, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топторго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөшкөн. 

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаментинин Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгын ыйгарышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

АКШнын мамдепартаментине жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0