БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Апта соңунда тоолуу райондорго жаан жаай турганын ӨКМ Кыргызгидрометке таянуу менен билдирет.
Ишемби күнү Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болот. Түнкүсүн 6…8 градус жылуу болсо, күндүз 18…21 градуска чейин ысыйт.
Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
24-25-апрель күндөрү тоолуу райондордо жаан жаап, калган аймакта күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
26-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт, ал эми күндүз айрым аймактарда күн жаап, аба ырайынын туруксуздугу сакталат.