Сурамжылоо: ЖМК мигранттардын кылмышын бир тараптуу чагылдырат

© REUTERS / Alexandros AvramidisМигрант на границе Македонии и Греции. Архивное фото
Мигрант на границе Македонии и Греции. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун натыйжасында Германия (68%), Франция (67%) жана Улуу Британиянын (46%) эли аталган өлкөдөгү басма сөз каражаттары жана бийлик мигранттардын кылмышы тууралуу берген маалымат объективдүү эмес деп эсептей турганы анык болду.

Мындай жыйынтык Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн Populus жана Ifop изилдөө компаниялары тарабынан жасалган иликтөө учурунда ачыкка чыкты.

Европалыктардын канчасы бийлик менен ЖМК мигранттар тарабынан жасалган кылмыш боюнча туура эмес маалымат берет деп эсептейт?
Европалыктардын канчасы бийлик менен ЖМК мигранттар тарабынан жасалган кылмыш боюнча туура эмес маалымат берет деп эсептейт? - Sputnik Кыргызстан
Европалыктардын канчасы бийлик менен ЖМК мигранттар тарабынан жасалган кылмыш боюнча туура эмес маалымат берет деп эсептейт?

Өз бийлигине жана маалымат каражаттарына көбүнесе франциялыктар ишенбей тургандыктарын билдиришкен. Бул өлкөдө болгону 17 пайыз тургун мигранттар жасаган кылмыштар туура жеткирилет деп эсептейт. Германияда бийлик менен жергиликтүү ЖМКга ишенгендердин саны 25 пайызды түзсө, Улуу Британияда 36 респондент маалыматка ишеним артат.

Аталган сурамжылоо европалыктар мигранттар тарабынан жасалган кылмыш боюнча бир топ кабардар экенин көрсөттү — Германияда 17, Францияда 16 жана Англияда 18 пайыз гана эл берилген суроого жооп бере алган жок.

Амстердам көчөсүнө көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нидерланды элинин үчтөн бир бөлүгү Украинанын ЕБ менен ассоциациясына каршы
Улуу Британия менен Германияда сурамжылоону Populus изилдөө компаниясы үстүбүздөгү жылдын 3-4-февраль күндөрү жүргүзүп, ага 3556 адам катышкан. Францияда иликтөө IFop компаниясы тарабынан 3-5-февраль күндөрү жүргүзүлүп, 1499 адам сурамжылоого алынган. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0