БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн Курани Карим боюнча жарыштын финалдык бөлүгү баштала турганын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Мааламытка ылайык, иш-чара Кожомкул атындагы спорт сарайында саат 9.00дө башталмакчы. Анда катышуучулар 10, 20 жана 30 пара боюнча үч категорияда ат салышат. Жарыш 19-апрель күнү жыйынтыкталат.
Эскерте кетсек, буга чейин өлкөнүн облустарында сынактар өтүп, жеңүүчүлөр республикалык жарышка жолдомо алышкан.