https://sputnik.kg/20261106/1104754615.html
Айыл чарба министрлиги: жайыттарга үрөндү эми дрондор себе баштайт

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча2030-жылга чейинки программа иштелип чыкты. Анын алкагында деградацияга учураган... 06.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-06T15:04+0600
2026-11-06T15:04+0600
2026-11-06T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104754445_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4434cde31030f111fecbbb2d9a7463b8.jpg
Айыл чарба министрлиги: жайыттарга үрөндү эми дрондор себе баштайт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча2030-жылга чейинки программа иштелип чыкты. Анын алкагында деградацияга учураган жайыттарга чөптүн үрөнүн себүү, малды кезектешип жаюу, алыскы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана тоют базасын чыңдоо пландалууда. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров жана Мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматынын директорунун орун басары Деңизбек Капаров билдиришти.
Кыргызстанда жайыттардын кунарсызданышы негизинен малдын айрым аймактардаашыкча топтолушу жана жерлерди туура эмес пайдалануу менен байланыштуу. Бугачейин, 2023–2025-жылдары, 34 миң гектардан ашык деградацияга учураган жайыткачөптүн үрөнү себилген. Жаңы программанын алкагында бул иштерди кеңейтүү, жайыттарды кезектешип пайдалануу жана малды алыскы жайлоолорго чыгаруукаралган.
“Программада жайыттарга чөптүн үрөнүн себүү, мал жебеген отоо чөптөргө каршы күрөшүү жана жетүүгө кыйын аймактарда дрондорду колдонуу сыяктуу ыкмалар да каралган. Ошондой эле алыскы жайыттарга баруучу жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо, мал сугаруучу жайларды уюштуруу, андан тышкары, алыскы аймактарга сүт сактоочу танкерлерди орнотуу пландалууда. Жайыттарга чыккан малчылар жайыттын чөбүнө гана карап калбастан, байланыш тартылган жана электр энергиясы жеткирилген жерлерге жыл сайын мал жаюуга артыкчылык беришет. Натыйжада ал жерлер эрозияга жана деградацияга дуушар болууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн уюлдук байланыш операторлору менен келишим түзүп, алыскы жайыттарга да байланыш сигналдарын жеткирүү иштерин жүргүзүүнү максат кылып жатабыз”,- деди Каландаров.
Мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматынын директорунун орунбасары Деңизбек Капаров малдын ден соолугун көзөмөлдөө, жугуштуу оорулардыналдын алуу жана эмдөө иштеринин маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле алыскыжайыттарда ветеринардык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, мал оорупкалган учурда өз убагында жардам көрсөтүү жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүмаселелерин белгиледи.
“Жайыт билетин алууда ветеринардык 1А формасындагы коштоочу документти алуу милдеттендирилген. Бул документ болгондо гана малчыларга жайыт пайдаланууга берилет. Ветеринардык форма малдын ден соолугун тастыктайт. Анда мал чыгып бара жаткан өрөөндүн эпизоотиялык абалы, ошондой эле анын жүрүү маршруту көрсөтүлөт. Учурда өлкөбүздө 1,5 миңдей расмий ветеринардык адис өкмөттүн 17-токтомунун алкагында иш жүргүзүп келет”.
Адистер жайыттардын деградацияга учурашынын себептери, анын малдын эт жана сүтөндүрүмдүүлүгүнө тийгизген таасири, алыскы жайыттардын инфраструктурасынжакшыртуу жана 2030-жылга чейин коюлган максаттар тууралуу кошумча маалыматберишти.
Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча2030-жылга чейинки программа иштелип чыкты. Анын алкагында деградацияга учураган жайыттарга чөптүн үрөнүн себүү, малды кезектешип жаюу, алыскы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана тоют базасын чыңдоо пландалууда. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров жана Мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматынын директорунун орун басары Деңизбек Капаров билдиришти.Кыргызстанда жайыттардын кунарсызданышы негизинен малдын айрым аймактардаашыкча топтолушу жана жерлерди туура эмес пайдалануу менен байланыштуу. Бугачейин, 2023–2025-жылдары, 34 миң гектардан ашык деградацияга учураган жайыткачөптүн үрөнү себилген. Жаңы программанын алкагында бул иштерди кеңейтүү, жайыттарды кезектешип пайдалануу жана малды алыскы жайлоолорго чыгаруукаралган.“Программада жайыттарга чөптүн үрөнүн себүү, мал жебеген отоо чөптөргө каршы күрөшүү жана жетүүгө кыйын аймактарда дрондорду колдонуу сыяктуу ыкмалар да каралган. Ошондой эле алыскы жайыттарга баруучу жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо, мал сугаруучу жайларды уюштуруу, андан тышкары, алыскы аймактарга сүт сактоочу танкерлерди орнотуу пландалууда. Жайыттарга чыккан малчылар жайыттын чөбүнө гана карап калбастан, байланыш тартылган жана электр энергиясы жеткирилген жерлерге жыл сайын мал жаюуга артыкчылык беришет. Натыйжада ал жерлер эрозияга жана деградацияга дуушар болууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн уюлдук байланыш операторлору менен келишим түзүп, алыскы жайыттарга да байланыш сигналдарын жеткирүү иштерин жүргүзүүнү максат кылып жатабыз”,- деди Каландаров.Мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматынын директорунун орунбасары Деңизбек Капаров малдын ден соолугун көзөмөлдөө, жугуштуу оорулардыналдын алуу жана эмдөө иштеринин маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле алыскыжайыттарда ветеринардык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, мал оорупкалган учурда өз убагында жардам көрсөтүү жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүмаселелерин белгиледи.“Жайыт билетин алууда ветеринардык 1А формасындагы коштоочу документти алуу милдеттендирилген. Бул документ болгондо гана малчыларга жайыт пайдаланууга берилет. Ветеринардык форма малдын ден соолугун тастыктайт. Анда мал чыгып бара жаткан өрөөндүн эпизоотиялык абалы, ошондой эле анын жүрүү маршруту көрсөтүлөт. Учурда өлкөбүздө 1,5 миңдей расмий ветеринардык адис өкмөттүн 17-токтомунун алкагында иш жүргүзүп келет”.Адистер жайыттардын деградацияга учурашынын себептери, анын малдын эт жана сүтөндүрүмдүүлүгүнө тийгизген таасири, алыскы жайыттардын инфраструктурасынжакшыртуу жана 2030-жылга чейин коюлган максаттар тууралуу кошумча маалыматберишти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104754445_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_76912d2cdc4e9966a919554d06c58803.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Айыл чарба министрлиги: жайыттарга үрөндү эми дрондор себе баштайт
15:04 06.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 06.11.2026) Коноктор
Мыктыбек Каландаров, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгынын башчысыДеңизбек Капаров, Мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматынын директорунун орун басары