https://sputnik.kg/20261106/1104748047.html
Педиатр: төрөттөн кийинки депрессия энени коркунучтуу кадамдарга түртүшү мүмкүн

Sputnik Кыргызстан
Төрөттөн кийин айрым аялдарда маанайдын түшүшү, тынчсыздануу, себепсиз ыйлоо жана чарчоо сыяктуу белгилер байкалат. Мындай абал кээде төрөттөн кийинки... 06.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-06T11:04+0600
2026-11-06T11:04+0600
2026-11-06T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104747877_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_10387d563255c48c4dd653ee9030c5d1.jpg
Педиатр: төрөттөн кийинки депрессия энени коркунучтуу кадамдарга түртүшү мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Төрөттөн кийин айрым аялдарда маанайдын түшүшү, тынчсыздануу, себепсиз ыйлоо жана чарчоо сыяктуу белгилер байкалат. Мындай абал кээде төрөттөн кийинки депрессияга байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу врач-педиатр Бактыгүл Уланова “ Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда буларга токтолду.
Адистин түшүндүрмөсүнө ылайык, төрөттөн кийинки мезгилде аялдын организминде гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп, уйкунун жетишсиздиги жана жаңы жоопкерчиликтер анын эмоционалдык абалына таасир этиши мүмкүн. Бирок төрөттөн кийинки убактылуу маанайдын өзгөрүшүн депрессиядан айырмалоо зарыл.
“ Төрөттөн кийинки депрессиянын белгилерине узакка созулган көңүл чөгүү, тынчсыздануу, үмүтсүздүк, күнүмдүк иштерге кызыгуунун жоголушу жана балага кам көрүүдө кыйынчылыктар кирет. Мындай белгилер аялдын өзүнө гана эмес, баласы менен болгон мамилесине жана үй-бүлөлүк жашоосуна да таасир этиши мүмкүн.Депрессиянын пайда болушуна төрөттүн оор өтүшү, уйкунун жетишсиздиги, жакындарынын колдоосунун жоктугу жана буга чейинки психологиялык көйгөйлөр сыяктуу факторлор таасир этиши мүмкүн. Ошол эле учурда мындай абалга ар кандай аял туш болушу ыктымал. Андыктан төрөттөн кийинки психологиялык кыйынчылыктарды аялдын алсыздыгы же балага болгон сүйүүсүнүн жетишсиздиги катары кабыл албоо керек”,- деди Уланова.
Педиатр ошондой эле эненин психологиялык абалын жакшыртууда үй-бүлөнүн колдоосу чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, жолдошу жана жакындары балага кам көрүүгө жардам берип, энеге эс алууга мүмкүнчүлүк түзүп бериши зарыл. Эгерде аял өзүнө же баласына зыян келтирүү тууралуу ойлорун айтса, тез арада медициналык жардамга кайрылуу керектигин кошумчалады.
Төрөттөн кийин айрым аялдарда маанайдын түшүшү, тынчсыздануу, себепсиз ыйлоо жана чарчоо сыяктуу белгилер байкалат. Мындай абал кээде төрөттөн кийинки депрессияга байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу врач-педиатр Бактыгүл Уланова “ Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда буларга токтолду.Адистин түшүндүрмөсүнө ылайык, төрөттөн кийинки мезгилде аялдын организминде гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп, уйкунун жетишсиздиги жана жаңы жоопкерчиликтер анын эмоционалдык абалына таасир этиши мүмкүн. Бирок төрөттөн кийинки убактылуу маанайдын өзгөрүшүн депрессиядан айырмалоо зарыл.“ Төрөттөн кийинки депрессиянын белгилерине узакка созулган көңүл чөгүү, тынчсыздануу, үмүтсүздүк, күнүмдүк иштерге кызыгуунун жоголушу жана балага кам көрүүдө кыйынчылыктар кирет. Мындай белгилер аялдын өзүнө гана эмес, баласы менен болгон мамилесине жана үй-бүлөлүк жашоосуна да таасир этиши мүмкүн.Депрессиянын пайда болушуна төрөттүн оор өтүшү, уйкунун жетишсиздиги, жакындарынын колдоосунун жоктугу жана буга чейинки психологиялык көйгөйлөр сыяктуу факторлор таасир этиши мүмкүн. Ошол эле учурда мындай абалга ар кандай аял туш болушу ыктымал. Андыктан төрөттөн кийинки психологиялык кыйынчылыктарды аялдын алсыздыгы же балага болгон сүйүүсүнүн жетишсиздиги катары кабыл албоо керек”,- деди Уланова.Педиатр ошондой эле эненин психологиялык абалын жакшыртууда үй-бүлөнүн колдоосу чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, жолдошу жана жакындары балага кам көрүүгө жардам берип, энеге эс алууга мүмкүнчүлүк түзүп бериши зарыл. Эгерде аял өзүнө же баласына зыян келтирүү тууралуу ойлорун айтса, тез арада медициналык жардамга кайрылуу керектигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104747877_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b7aa03195d048a597f198cfa968e3f62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Педиатр: төрөттөн кийинки депрессия энени коркунучтуу кадамдарга түртүшү мүмкүн
11:04 06.11.2026 (Жаңыртылды: 11:16 06.11.2026) Коноктор
Бактыгүл Уланова, врач-педиатр