БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Учурда Жогорку Кеңештин төрагалыгына Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине вице-спикер Нурбек Алимбеков билдирди.
"Азырынча бул эки талапкердин аты аталып жатат. Бирок көпчүлүк коалиция бир пикирге келип, жалгыз талапкерди алып чыгышы да мүмкүн", — деди Алимбеков.
Вице-спикер төрагага талапкерлер бүгүн эле тиешелүү тармактык комитетке сунушталышы ыктымал экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, спикер Асылбек Жээнбеков бүгүн билдирүү жасап, агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке көрсөтүлгөндүктөн кызматтан кетип жатканын айтты.