БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери тарых, латын тили жана анатомиялык терминология боюнча эл аралык олимпиадага катыша турганын команданын жетекчиси Байгелди Нурдинов билдирди.
Иш-чара 14-15-апрель күндөрү Новосибирск шаарынын медицина университетинде өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.
Мындан тышкары, студенттер жетинчи ирет өтө турган "Авиценна – 2016" аттуу россиялык илимий-практикалык конференцияга барат.
Кыргызстандык команда академиянын экинчи курсунда окуган Байгелди Нурдинов, Ажар Жантаева, Хожиакбай Ахмедов, Жанара Алтынбекова жана Бегимай Үсөнбаевалардан турат.
Жол кире окуу жайдын эсебинен төлөнмөкчү.