Европалыктар ЕБге кимди кабыл алуу керектигин өздөрү чечкиси келет

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЕвробиримдиктин желеги. Архив
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоого катышкан европалыктардын көбү аталган маселени элге салууну туура деп эсептейт.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосу италиялыктардын (66 пайыз), немис (63 пайыз) жана француздардын (63 пайыз) көбү башка өлкөлөр менен ассоциация боюнча маселени жалпы элдик референдум аркылуу аныктагысы келерин көрсөттү.

Мындай жыйынтык Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу үчүн Populus жана Ifop изилдөө компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында алынган.

Нидерландыда 6-апрель күнү Европа биримдигине Украинанын кирүүсү боюнча референдум өтөт. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосу башка мамлекеттер менен ассоциациялашуу маселесин элге салуу менен чечүүгө баарынан италиялыктар кызыкдар экенин көрсөттү — жашоочулардын 66 пайызы Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрүн референдум аркылуу аныктоону туура көрөт. Ушундай эле пикирди Германия менен Франциянын тургундары (63 пайыз) да билдирди. Башкача айтканда референдум өткөрүүгө каршы ой билдиргендердин саны ага макул болгон жарандардын санынан аз экени аныкталды — Германияда 23 пайыз, Францияда 20 жана Италияда 18 пайыз.

Европалыктар ЕБге кимди киргизүүнү өздөрү чечкиси келет
Европалыктар ЕБге кимди киргизүүнү өздөрү чечкиси келет - Sputnik Кыргызстан
Европалыктар ЕБге кимди киргизүүнү өздөрү чечкиси келет

Британиялыктар эки ача пикир билдиришти — үчүнчү өлкөлөрдүн ЕБге кирүүсүн референдум менен чечүү керек дегендер 43 пайызды түзсө, муну менен бирге "билбейм" дегендер 40 пайызга жетти.

Доллар жана евро акчалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Европа тургундары экономикалык абал начарлап жатат деп эсептешет
Улуу Британия менен Түндүк Ирландияда сурамжылоо Populus изилдөө компаниясы тарабынан 4-9-март күндөрү өтүп, ага 1085 адам катышкан. Германия (1002), Италия (994) жана Франциядагы (1005) изилдөөлөрдү iFop компаниясы 8-10-март күндөрү жүргүзгөн. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0