Кулчулуктан качып келдим деген Урматтын ата-энеси табылды

© flickr.com / Javier AlvarezКулпу. Архив
Кулпу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүн кулчулукта жүрүп кутулганын айткан 22 жаштагы Урмат аттуу баланын атасы Темирова айылындагы мектепте дене тарбиядан сабак берсе, апасы Бишкектеги мектептердин биринде иштейт.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. 22 жаштагы Урмат аттуу баланын ата-энеси табылганын Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери рейд учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция баланы кулчулукта кармаган деген малчыны текшерүү үчүн Тоңдогу жайлоого кетти
Белгилей кетсек, Урмат аттуу жаран Нарын шаарында өткөн атайын рейд учурунда кармалган. Ал милицияга Ысык-Көл облусундагы жайлоодон кулчулуктан качып келгенин айткан. Аны Ысык-Көлдун Тоң РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп берген. Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын эч кандай кулчулукта жүрбөгөнү аныкталган

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, Урматтын атасы Ысык-Көл районундагы Темировка айылында дене тарбия мугалими болуп иштейт. Учурда бешинчи аялынан балалуу болуп 4 жаштагы баласы бар. Ал эми Урматтын апасы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде мугалим болуп иштери аныкталды. Анын ата-энеси көп жыл мурда ажырашып кетишкен.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Урматты атасына алып барып тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0