00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:54
5 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
42 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему мир становится всё более агрессивным на фоне иранского конфликта - беседа с военным экспертом
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гранттык мүмкүнчүлүктөр жана илим: студенттер менен окумуштуулар үчүн жаңы шарттар
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как товарный знак «Сделано в КР» защитит рынок от подделок
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новое здание и ДНК-тесты: как Кабмин решил реанимировать службу судмедэкспертизы
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Эрдик, намыс, мекен! “Баатырлар карызы” тууралуу ачык маек
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
В Бишкеке предложили поднять тариф на воду почти в четыре раза — расказываем детали
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гранттык мүмкүнчүлүктөр жана илим: студенттер менен окумуштуулар үчүн жаңы шарттар
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бакиевдин учагы канчага сатылды жана анын акчасы эмнеге жумшалат?

© flickr.com / john skewesBeechcraft SuperKingAir-350 учагы. Архив
Beechcraft SuperKingAir-350 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2008-жылы Курманбек Бакиев үчүн 6,3 миллион долларга сатып алынган учак 2015-жылы 7-декабрда өткөн аукциондо 3,1 миллион долларга сатылды.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. "Эйр Кыргызстан" мамлекеттик авиакомпаниясы учурунда Курманбек Бакиев үчүн 2008-жылы сатып алынган учакты сатуудан түшкөн каражатка башка учак сатып алат. Бул тууралуу авиакомпаниянын башкармалыгынын төрагасы Жолдошбек Бектурсунов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

MegaCоm маркасынын SIM-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Megacom боюнча аукцион үч айдан кийин өтөт
2008-жылы чыккан В300 моделиндеги Beechcraft SuperKingAir-350 учагы 2008-жылы аукциондо 6,3 миллион долларга ошол убактагы президент Курманбек Бакиев үчүн сатып алынган.

Учак транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон, апрель окуяларынан кийин "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын карамагына өткөн.

2015-жылы 7-декабрда болгон аукциондо бул учакты Aerovista FZE ЖЧКсы (Бириккен Араб эмирлиги) сатып алган.

"Аукционго эки компания катышты. Учак 3 миллион 130 миң долларга сатылды. Сатыктан түшкөн каражат "Эйр Кыргызстан" компаниясында калат. Бул учакта эч ким учпагандыктан аны сатып, ордуна башка учак алуу чечими кабыл алынган", — дейт Бектурганов.

Анын айтымында, учурда ички каттам үчүн ATR-72 үлгүсүндөгү учакты сатып алуу пландалууда. Балким ал учак Бишкек — Ош каттамы боюнча учушу мүмкүн.

"Бирок, жаңы учактар абдан кымбат, баасы 25 миллион долларга чейин жетет. Андыктан биз учактын жарымынын баасын азыр төлөп, калганын 12 жылдын ичинде төлөө боюнча варианттарды карап жатабыз. Мындай сунуш Бириккен Араб Эмирлигиндеги бир компаниядан түшүп жатат. Ал учак биздин шартка канчалык туура келерин караштыруудабыз", — дейт ал.

ATR-72 үлгүсүндөгү учак ортомагистралдык учуулар үчүн колдонулат. Анын ичине 74 жүргүнчү батат.

Жаңылыктар түрмөгү
0