00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как улучшение породы скота помогает фермерам зарабатывать больше
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Что изменится в правилах изъятия земель и какие права получат собственники - объясняет юрист
10:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
12 жылдык билим берүү системасы - окуу китептерин басуу иши кандай жүрүүдө?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Туризмди өнүктүрүү фонду кандай ири долбоорлорду ишке ашырууда — тоо-лыжа кластери, иневстициянын агымы, майс-туризм
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сүйүү майрамынын салмагы кандай?

Жазылуу
14-февраль сүйүү күнүн кай бири чыдамсыздык менен күтсө, калгандар үчүн кадимкидей эле күн.

Коомчулук эки тарапка бөлүнүп, кай бири сүйүү майрамын белгилөөнү колдосо, айрымдар андан баш тартышат.

"Сүйүү кызык, сүйүү таттуу бир башка, кимдер сүйбөйт дени таза жаш чакта", — деп алп акын Алыкул Осмонов бекеринен айтпаса керек.

Бул макала сиздин кайсыл тарапта экениңизди тактоого жардам берет. Анда чогуу таразага салып көрөлү.

Сүйүү майрамын белгилөө үчүн 7 себеп: 

  1. Сүйүү — эң назик, акактай тунук, аяр, керемет сезим. Сүйүүнүн арты менен нечендеген шедевр чыгармалар жаралып, адам баласынын тукуму уланып келет. Бул сезимдин бар экенинин өзү майрам.
  2. Бул күн ашык болуп жүргөндөр үчүн агынан жарылып сүйүүсүн билдирүүгө сонун мүмкүнчүлүк.
  3. Ооба, сүйүшкөндөр үчүн ар бир күн майрам. Бирок көр тирилик менен ал нерсени унутабыз. Бул күн эске салып, сүйүктүүлөр бири-бирине белек беришет. Болбосо жылдап бири-бирине белек бербеген жубайлар арбын.
  4. Ушундай улуу сезимге 365 күндө 24 саат бөлүп койсо ашыкча болбойт. Дегеним, күндөгүдөй эмес, башкача жылуу мамиле, сонун кечки тамак.
  5. Сиз менен биз — сүйүүнүн мөмөсүбүз. Андыктан сүйүү дарагын сугарып коюу ашыкча болбойт.
  6. Мектеп окуучуларына 14-февраль өзгөчө күн. Анткени каттар үчүн коюлган кутучаны пайдаланып, жактырган адамыңа кат жазып, же ал адамдан кат алып калышың мүмкүн.
  7. Эң башкысы, бул күнү сүйүүдө тоңуп турган жүрөктөрдү махабаттын улуу оту жылытып, ашыктык сезимдерин тутантат. Ар кыл майрамдык иш-чаралар, концерттер буга көмөктөшөт.

Сүйүү майрамынан баш тартууга 7 себеп:

  1. Бул майрам мусулманчылыкка каршы келет. Анткени дин никеге чейинки сүйүү мамилесине тыюу салат.
  2. Кыргыз элинин менталитетине жат көрүнүш. Улуулардын көзүнчө сүйүшөт элем деп кыргыздын улан-кыздары жетелешип жүргөнү өөн учурайт.
  3. Ашыкча чыгым. Жигиттердин чөнтөгүнө зыян.
  4. Эң негизгиси бул күнү бейчеки баскандар көп болот. Дарыгерлердин айтымында 14-февралдын кесепетинен улам боюнан алдырган кыздар арбын.
  5. Сүйүүгө жамынган тың жигиттер кыздарды алдап, намысын талкалашат.
  6. Сүйүшкөндөр үчүн күн сайын майрам.
  7. Жетелешип жүргөндөр жалгыздардын кыжырын келтирет.

Бул майрамды белгилөө, же баш тартуу ар бир адамдын өз эрки. Бирок Кыргызстанда акыркы жылдары жаштар арасында колдоо таап келет.

Ачык китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн" же Мидинди кайра окуганда…
14-февраль — сүйүү же "Валентин" күнү деп аталып, Европада XIII кылымдан бери, Америкада 1777-жылдан тарта, ал эми КМШ мамлекеттеринде 1990-жылдан баштап белгилене баштаган. Бул күнгө христианин Валентин себепчи болгон. Окуянын өзөгү реалдуу чындыкты түзгөнү менен жөн гана уламышка айланып калган. Рим императору Юлий Клавдий II империя солдаттарынын үйлөнүүсүнө тыюу салган. Валентин түгөйлөрдү жашыруун түрдө үйлөндүрүп турган. Муну билип калган император биздин заманга чейинки 269-жылы аны өлүм жазасына тартууну буюрган коёт.

Жаңылыктар түрмөгү
0