"Мидин" дегенде биз аракка берилип кетип, көчөдө ар кимге ырын ырдап коюп, "баш жазган" бир бактысыз, кечирип коёсуз, селсаяк кишини элестетебиз. Бери болгондо советтик идеология Сергей Есенинди, Борис Пастернакты, Анна Ахматованы, Николай Рубцовду сыяктуу акындарды каралап көрсөткөн саясат бизге аны ошентип көрсөтүп койгон. Ал заман ошондой эле: адамдын чыгармачылыгы жана таланты эмес, анын партияга берилгендиги, түз жүрүп, түз сүйлөгөндүгү жакчу. Мидин андай галстукчан жүрүп, кагазга ороп сүйлөгөндөрдөн эмес экен. Ошон үчүн көпкө бул киши тууралуу жакшы сөз айтуудан, чыгармаларын чыгарып, мектепте окутуудан тайсалдап келдик. Бирок анын лирикаларына обондор жазылып, ошол ырлары аркылуу ысымы элге тарап турган.
Биз бүгүн акын Мидин Алыбаевдин сүйүү лирикаларына токтолууну эп көрдүк.
Ал сүйүү ырларын жазганда "кызылча казган келинчектерди", "саанчы жеңелерди", "пахтачы келиндерди" ж.б. эмгек адамдарын сүйүү темасына байлап, же тагыраагы, сүйүү темасын эмгек темасына айкалыштырып жазбаптыр. Акын аялдагы назиктикти, сулуулукту, ажарды, ошол сүйгөн адамдын алдындагы сүйүлгөн адамдын алсыздыгын көркөм сөздүн керемет күчү менен алдыңа таштап салыптыр. Мына сиз да дагы бир жолу окуңуз:
Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык,
Көп жүрдүк го бак аралап айланып.
Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң:
"Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…"
Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сундуң коштошчуга окшодуң.
"Эсен тур" — деп оң колумду бек кысып,
Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.
Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.
Же азыр эл оозуна айтылып жүргөн бул куплеттер (ырды толук келтирген жокпуз – ред.)
Көзүң укмуш – ак чыныда карагат,
Көп караба жүрөгүмдү жаралап.
Көөнүң болсо бир белгиңди түшүндүр,
Киши жалдап сүйө албаймын паралап!
Сүрдөп кетем капыс жерден кабылсам,
Кечирип кой, мен сүйүүдөн жаңылсам!
Жалгыз сага жарашкансып көрүнөт,
Кайсы күнү кандай жоолук салынсаң…
Ушундай! Буга эмне дейсиз! Поэзия деген: дилиңдеги нерсени уйкашка салып, салыштыруулары менен келтирип, метафоралап айтып салат, сен аны он томдо да айта албай калышың мүмкүн. А Мидин айтып атат!
Сүйүү лирикасында Мидин өз образын, өзүнүн "Менин" бергенсийт, болбосо ырлары анчалык жандуу, анчалык эмоционалдуу чыкмак эмес. Ошонусу менен ал кыргыз махабат лирикасынын бийик чокуларынын бирин ээлеп турат.
1959-жылы 3-декабрда түшүнүксүз жагдайда каза болгонго чейин эле ал кыргыз адабиятынын тирүү классигине айланган, бирок анын ошол классиктигин замандаштары билсе да, билбемиш болгон, билбемиш болбосо да, ачык айта алышкан эмес…
Бул биз, кыргыз, интеллегенттери, үчүн сабак болууга тийиш…