БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында техникумдун мугалимине куралчан кол салуу болгонун облустук ИИБ билдирди.
Окуя шаардын Асаналиев жана Жаштык көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Өрнөк айылынын тургуну 25 жаштагы Кабылды Абылкасым уулун эч себепсиз 35 жаштагы Азамат Пахиров Макаров тапанчасы менен атып кеткен. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери алты гильза жана бир ок табышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, Пахировду издөө иштери жүрүп жатат.