Financial Times журналы Кыргызстанды саякаттоого ыңгайлуу өлкө катарына кошту

© Фото / Влад УшаковАрашан капчыгайы. Архив
Арашан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Financial Times басылмасы Кыргызстан 2016-жылы туристтер үчүн ачылыш болот деп жазат.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Эл аралык Financial Times журналы өз рейтингинде Кыргызстанды саякаттоого эң ыңгайлуу мамлекеттердин катарына кошуп, туристтерге 2016-жылы келип-кетүүгө сунуштады. Аталган тизмеде Шри-Ланка, Перу, Бразилия, Куба, Түштүк Африка жана Гренландия да бар.

Жаңы жылдык салтанаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылды тосуу үчүн туристтер эң көп кайсыл шаарга агылары аныкталды
Financial Times басылмасы белгилегендей, 2016-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жаткандыктан бир катар мамлекеттик деңгээлдеги маданий-тарыхый иш-чаралар өтөт. Алардын баары көк бөрү фестивалы, ат оюндары жана бир нече улуттук оюндар менен коштолот. Андыктан көчмөндөрдүн маданиятына кызыккан туристтердин саны көбөйөт. Ошондой эле, жомоктогудай кооз тоолорду, көк шиберлүү жайлоолорго кызыккан табият сүйүүчүлөр да келсе болот.

Wild Frontiers туристтик компаниясынан башчысы Жонни Бэлби келген тапшырыктардын 30 пайызы Кыргызстанга келүүнү каалагандардан түшүп жатканын айтат.

"Азыркы замандын ылдам агымынан качып, бийик тоолуу аймактарда эс алууну каалагандар алдын ала билеттерди ээлеп жатышат", — деди ал.

Бэлби 2012-жылдан тарта бир катар батыш мамлекеттерине болгон виза маселеси жеңилдетилгенин айтат. Андан сырткары 2015-жылдын күз айында болгон парламенттик шайлоо тынч өтүп, ага эл аралык уюмдар жогорку баасын бергени өлкөгө туристтердин агымын көбөйтөт дейт Жонни Бэлби.

Кыргызстан жыргалчылык рейтингинде 145 өлкөнүн ичинен 14-орунду ээледи
Өткөн жылдын декабрь айында Business Insider басылмасы дагы туристтерге 2016-жылы саякаттоо үчүн Кыргызстанды сунуштаган.

Financial Times журналы үчүн рейтинг түзгөн автор Аниша Шах "-стан" деген мүчө менен бүткөн мамлекеттердин ичинен Кыргызстан 2016-жылы туристтер үчүн ачылыш болот деп пикирин жыйынтыктаган.

Аниша Шах CNN, BBC Travel жана Huffington Post басылмаларында фрилансер болуп иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0