Назарыңыздарга Sputnik жасаган эң мыкты сүрөттөрдүн тандалмасын тартуулайбыз.

Төө-Ашуу январда. ЖКК кызматкерлери катуу жааган кардан кийин унаалардын каттамын көзөмөлгө алууда

Бишкектеги февраль таңы. Бишкектин борборундагы Манас эстелиги

Өрт өчүрүүчү кызмат өрт өчүрүү учурунда

Улуттук университеттин имаратынын чагылышуусу

Балык уулоочулар Сокулук суу сактагычында. Муз астынан балык уулоо таймашы февралда өткөн

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын Ардак кароолунун аскери

Унаалардын кумдуу дөңдөрдөн жарышы. Чүй облусу, Озерное айылы

Сегиз ширетүүчү Бишкек ТЭЦтин эскирген жабдууларын оңдоп жатышат

Жаздын биринчи күнү Бишкекте биринчи жолу кыргыздын улуттук Салбурун аңчылыгы боюнча чемпионаты өткөрүлдү

Март айында Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы паркта студенттер мамлекеттик желек күнүнө карата акция өткөрүштү

Кожомкул атындагы спорт ордосунда кулатуу WEF2 боюнча эл аралык чемпионат өткөрүлдү. Чемпионатка алты мамлекеттен келген 13 мыкты спортчулар катышкан

"Нооруз-2015" аталган көк-бөрү боюнча республикалык турнирдеги финалда оюнчулар айыгышкан кармашуу көрсөтүштү

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель окуяларында курман болгондорду эскерди

Апрель айында куралдуу күчтөрүнүн машыгуусу ШКУ өлкөлөрүнүн аскерлеринин арасында өттү

Улуттук гвардиянын 75 аскерин Улуу Жеңиш парадына даярдык көрүү үчүн Москвага узатуу

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери Жеңиш күнүн Бишкекте майрамдоодо

16-майда энелер күнүнө карата “Ала-Тоо” аянтында Россия жылдыздары Жасмин, Николай Басков жана Филипп Киркоровдун катышуусунда өткөрүлгөн концерт

Бишкектеги эски аянттагы Айт-намаз

Бишкектеги Комсомол көлүндөгү сууга түшүү сезонунун ачылышы

Июль айында Бишкекте эл аралык "Оймо" фестивалы өткөрүлдү

"Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган концерт

Кыргызстандын эгемендигинин 24 жылдыгы Бишкекте Россия жылдыздарынын коштоосунда өттү

"Ала-Тоо" аянтындагы аскер кароолунун алмашуусу

Милиция кызматкерлери №50-түрмөдөн качып кеткен кылмышкерлерди издөө маалында

Түрмөдөн качкан согушкерлерди кармоо операциясы маалында

Япониянын мамлекет башчысы Синдзо Абэнин Кыргызстанга келиши. Эң катуу силкинүүлөр Афганистандын түндүк-чыгыш аймагында 7,5 магнитудасы менен жер титиреди. Ошол эле силкинүү Бишкекте да байкалды. Жер титирөө мезгили

Жумгалдык бала. Сүрөт "Кыргызстандын жүздөрү" долбоорунан

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны

Бишкектеги таштанды

17-ноябрда өткөн Кыргызстан-Иордания таймашы. Землянухиндин жеңиш алып келген голу