БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Узап бараткан жылы Кыргызстан бир канча белгилүү инсандарынан ажырады. Алардын бир катарлары республиканын өнүгүүсүнө салым кошкон мамлекеттик ишмерлер болсо, бир катарлары кыргыз интеллигенциясынын мыкты өкүлдөрү эле. Төмөндө катарыбыздан кеткен бул адамдардын жаркын элестерин дагы бир ирет эскерип кетмекчибиз.
Гүлзат Батырканова. Адегенде эле жаркылдаган инсан, ырчы, КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова суук кабары менен Жаңы жылга аяк таштагандарды нес кылды. Сармердендин "шайыр жеңеси" Батырканова 2-январда Караколдо болгон жол кырсыгынан 42 жашында каза болду.
Александр Мелентьев. 16-февралда кыргызстандык спортчу, олимпиада чемпиону Александр Мелентьев дүйнөдөн кайтты. 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын тапанча атуу боюнча чемпиону, спорттун чебери 62 жашта эле. Мелентьев көп жылдар бою чет мамлекеттерде машыктыруучу болуп иштеп, акыркы жылдары гана Кыргызстанга биротоло келген. Аны замандаштары жоопкерчиликтүү жана адамкерчиилктүү адам эле деп эскеришти. Бул инсан биздин өлкөнүн намысын коргоп, аны чет жактарга таанытууга өзүнүн салымын кошконун белгилей кетишибиз керек.
Кайып Оторбаев. 22-февралда белгилүү окумуштуу, географ жана коомдук ишмер Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнө салды. Бул инсан Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, география илимдеринин доктору, профессор болгон. Оторбаев Улуттук илимдер академиясынын Экономикалык иликтөөлөр борборунун жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана божомолдоо бөлүмүн бир топ жыл жетектеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Аны мыкты футболчу катары да билишет, 1950-жылдары Москванын атактуу "Спартак" командасынын чабуулчусу катары белгилүү болгон. Замандаштары Оторбаевди өтө интеллигенттүү жана ишин мыкты билген мамлекеттик кызматкер катары эскеришет.
Рахат Ачылова. Жаштарга бере турган илими бар кыргыздын дагы окумуштуу кызы, философия илимдеринин доктору, профессор Рахат Ачылова 5-мартта 74 жашында каза болду. Ал көп жылдар боюнча Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтутун ректору, Айыл чарба институтунун кафедра башчысы болуп иштеген.
Ачылова илимий эмгектерин негизинен үй-бүлөлөрдүн өсүп-өнүгүүсү, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролу, маданиятын, изилдөөгө арнаган.
Мурат Саралинов. Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов 54 жашында 13-мартта күтүүсүздөн каза болду. Ал Эсептөө палатасын, эркин күрөш федерациясын жетектеген. КРдин Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп иштеген. Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болгон. Көзү өткөн соң Россия президенти Владимир Путин тарабынан 2014-жылы Сочиде өткөн XXII кышкы Олимпиада жана XI паралимпиадалык оюндарын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн медаль менен сыйланган.
Табылды Эгембердиев. 16-майда кыргыз коомчулугун өкүткө салган окуя — ишкер жана публицист "Шоронун атасы", Табылды Эгембердиевдин 64 жашында дүйнөдөн кайтышы болду.
Кенжалы Сарымсаков. Кыргыз журналистикасынын ардагерлеринин бири Кенжалы Сарымсаков 20-майда 76 жашында узак оорудан каза болду. Сарымсаков көп жылдар бою теле-радиодо, маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде иштеген.
Кийин ардактуу эс алууга чыккан соң жаш журналисттерге кеп-кеңештерин берип, кесиптик тажрыйбаларынан үйрөтүп, кыргыз тилинин көйгөйлөрүнө байланыштуу талкууларды уюштуруп келген.
Жеңишбек Райымбаев. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү алп адамдардын катарын толуктаган ак-талаалык Жеңишбек Райымбаев 1-июнда 36 жашында оорудан каза тапты. Өкүнүчтүүсү — бул уникалдуу адамга өзүнүн мекенинде тиешелүү деңгээлде кам көрүлбөгөндүктөн, мезгилинен эрте кетти. Ал акыркы күндөрүн өзү туулган айылда кабылдап кеткен оорусу менен алпурушуп, төшөктө жатып өткөрдү.
Райымбаевдин бою 2 метр 36 сантиметр, салмагы 150 килограммга жакындап барган. Кийин саламаттыгынын начарлагандыгына байланыштуу абалы начарлап, салмагы түшө баштаган. Ага президент тарабынан стипендия бөлүнүп, бирок, Жеңишбек аны колуна алганга үлгүргөн жок.
Деңизбек Чалапинов. 18-июнда Кыргыз эл артисти Деңизбек Чалапинов 83 жашында каза болду. Ал Эл артисти наамын мындан беш жыл мурда гана алган.
Чалапинов "Отелло", "Оптимисттик трагедия", "Курманбек" чыгармаларында, жалпысынан театр сахналары менен киноэкранда150гө чукул роль ойногон. Аны менен иштешип калгандар башкалардан айырмаланган "эркиндиги" жана өзүнүн ролду дароо түшүнө билген өзгөчөлүгү бар экендигин айтышат. Ал актердук билимин Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театралдык институттан алган.
Мукамбет Токтобаев. Быйылкы жылдагы кыргыз искусствосунда анын ичинен театр жана кино жаатындагы чоң жоготуулардын бири Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин 30-июлда дүйнө салышы болду. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 68 жаштагы актерунун өмүрүн жол кырсыгы алып кетти. Улуу муундагы актерлордун ичинен Токтобаевге бүгүнкү күндүн режиссерлору тарабынан киного тартылуу үчүн көп сунуштар түшүп келген. Залкарлардын акыркы муундарынан болгон бул инсанды акыркы сапарга узатууда кесиптештери көз жашын токтото алган жок.
Батыш Салиева. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушунун көч башында турган Батыш Салиева 72 жашында узакка созулган оорудан кийин 6-августта каза болду. Бул адам 25 жыл бою Кыргызстандын социалдык коргоо министри болуп иштеген. Анын эмгегинин аркасында Ысык-Көлдө курорттук аймактар салынып, кары-картаңдар жана кароосуз калган балдар үчүн социалдык имараттар курулган.
Кадыржан Кыдыралиев. Кыргыз кереметинин түзүүчүлөрүнүн бири, КР Эл артисти, чыгаан оператор Кадыржан Кыдыралиев 27-августта 79 жаш курагында узак оорудан кийин каза болду. Бул таланттуу адам биринчи тасмасынан эле кино дүйнөсүнө таанылган. Кыргыз киносунун классикасына айланган "Тайгак кечүү", "Жамийла", "Көк жал", "Бакайдын жайыты", "Уркуя" жана дагы көптөгөн республикалык жана дүйнөлүк масштабдагы тасмалардын оператору болгон. Кыргыз киносунун ардагери операторлук иши менен СССР ичинде гана кеңири белгилүү болбостон, көптөгөн чет элдик фестивалдарда таанылып, алардын лауреаты болуп келген.
Майрам Юсупова. Түрколог, профессор Майрам Юсупова 28-августта 76 жашында дүйнө салды. Юсупова элчи, экс-мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаковдун жубайы эле. Ал Бишкек Гуманитардык университетинде япон тилинен сабак берип, кийинчерээк бир топ жыл Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейин жетектеген. "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондунун жетекчисинин орун басары болгон. Бир нече илимий макалаларды жазып, кыргыз-япон сөздүгүн түзгөн. Ал эми Жубайы Ишенбай аба 2014-жылдын 24-апрелинде 77 жашында дүйнөдөн кайткан.
Турдакун Усубалиев. Кыргыз Эл баатыры, "Ак шумкар" орденинин ээси, 24 жыл бою Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы болуп иштеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин каза болду. Бул инсан 1961-1986 жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиянын биринчи катчысы болуп иштеген. Чейрек кылымга жакын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча бул инсандын айланасында оң дагы, терс дагы пикирлер айтылып, баа берилип келет. Кандай болгон күндө да Усубалиев Кыргызстандын тарыхындагы салмактуу тарыхый фигуралардын бири катары кала берет.
Казат Акматов. 14-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов 74 жашында дүйнө салды. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты, кийин Кыргызстан демократиялык кыймылы деп аталган саясий кыймылдын түптөөчүсү болгон. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" чыгармалары эл арасына кеңири тараган. Бир нече чыгармалары сахнага коюлган. 2013-жылы Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында "Эрика Клаустун 13 кадамы" аталган чыгармасы англис тилинде жарык көргөн.
Урмат Саралаев. Дипломат Урмат Саралаев 69 жашында 14-сентябрда кайтыш болду. Анын акыркы элчилик кызматы Кыргызстандын Тажикстандагы дипломатиялык миссиясына өткөн.
СССРдин Чойбалсан шаарындагы Башкы консулдугунда эмгектенген. Орус, өзбек, немис жана монгол тилдеринде эркин сүйлөгөн. Өмүрүнүн акыркы жылдары ТИМдин дипломатиялык академиясынын проректору болуп иштеген.
Эрмек Мойдунов. Кыргыз Эл артисти, арген үндүү Эрмек Мойдуновдун 17-сентябрда дүйнө салышы анын көп замандаштарын кайгыртты. Чыгаан артистти замандаштары 71 жашында акыркы сапарга узатты.
Барчынбек Бугубаев. Ушул эле күнү, 17-сентябрда кыргыздын күчтүү акындарынын бири, бирок, таланты толугу менен ачылбай калган акын Барчынбек Бугубаев 52 жашында көз жумду.
Анын поэзиясы менен кыргыз окурмандары 1980-жылдардан тарта тааныша баштаган.
Кыргыз мамлекеттик универститетинин филология факультетин аяктап, ошол эле жерде лингвистика кафедрасында эмгек жолун баштаган. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын адабият бөлүмүн жетектеген. "Ак бороон", "Адамзатка кайрылуу" жыйнактарынын автору.
Талгат Асранкулов. Художник, режиссер жана сценарийчи Талгат Асранкуловдун 31-октябрда 54 жашында капыстан көз жумушу азыркы кыргыз кино өнөрүнүн капталын эңшерип кеткендей болду.
Алгач, Бишкекте, кийин Москва шаарында кино өнөрү боюнча билим алган Асранкулов бир топ кинолордун жаралышында зор салымын кошкон. Анын колунан "Үйүң кайда, үлүл", (Кыргызстан), "Карга чулганган айлана" (Өзбекстан), "Шиза" (Россия-Казакстан), "Монгол" (Россия-Германия-Казакстан), "Свет аке" тасмалары чыккан.
Жумагүл Нусупова. Мамлекеттик ишмер, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, мурдагы маданият министри Жумагүл Нусупова катуу оорудан кийин 30-ноябрда 85 жашында көз жумду. Нусупова кыргыз маданиятынын, кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн калыптанышына чоң салымын кошкон. Ал Күлүйпа Кондучалова, Сагын Бегматова, Роба Абдысаматовалар менен бир катарда туруп, жетекчиликте иштеген кыргыз кыздарынын бири болгон.
Бектен Абдылдаев. 8-декабрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Бектен Абдылдаев капысынан дүйнө салды. 75 жаштагы театр ишмери эртең менен стадиондо чуркап жүргөндө жүрөгү кармап, "Тез жардам" ооруканага жеткирген. 1975-жылы Москва институтунун маданият бөлүмүндөгү режиссура факультетин аяктап, кезинде Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын негизделишине, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Өмүрүнүн акыркы жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын башкы режиссеру болуп иштеп жүргөн.
Жаткан жериңер жайлуу, ыйманыңар саламат болсун, залкарлар. Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына, искусство менен маданиятынын, экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар тарых бетинде алтын тамгалар менен жазылып кала берет.