Фрунзенин багын ачып, шакирт тарбиялап, чейрек кылым эл башкарган Усубалиев

© Предоставлено Центральным Госархивом КРТ.У.Усубалиев с букетом
Т.У.Усубалиев с букетом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турдакун Усубалиев жөнөкөй чабандын кичинекей үйүндө эт жеп, шорпосун ичип, бата кылып, туруп кетет. Бул окуяны анын жанындагылар да, жергиликтүү эл да көпкө айтып жүрүштү.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Совет учурунда 25 жылга чукул Кыргызстанды жетектеп, анын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошкон, андан сырткары өлкөдөгү мамлекеттик кызматчылардын бир нече муунун тарбиялаган мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 96 жаш курагында көз жумду. Аны менен жыйырма жылга чукул иштешкен шакирттерин Sputnik кепке тартып, алардын эскерүүсүн тыңдады. 

Ошол жылдары Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасынын орун басары — Тышкы иштер министри болуп иштеген Жамал Ташыбекова 28 жашынан тарта Турдакун Усубалиев менен он сегиз жылга чукул иштешиптир. 

Ал биринчи ирет ишке келгенде эле койгон талабын алигиче эстээрин айтты.

"Биринчи кабыл алганда эле "сенден улуу кишилер, алардын арасында согуштун катышуучулары бар, аларга сый мамиле жасашың керек" деди. Мен унчукпай макул дедим. Турдакун Усубалиевич ашыкча сүйлөбөгөн, ачууга алдырбаган оор басырыктуу киши болчу. Бир каткырып күлгөнүн көргөн жокмун. Кийинки муундагы жетекчилерди да сыпайылыкка, жөнөкөйлүккө тарбиялады", — дейт Ташыбекова. 

Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган көргөзмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Усубалиевдин замандашы: ал таза саясатчы эле
Экс-дипломат КП БКнын Биринчи катчысынын жөнөкөй элди кабыл алууга бир күн бөлүп, анысын асман түшүп келе жатса да өзгөртпөй, жанындагы аткаминерлер жашырган маалыматты букарадан угуп алчу дейт. Ошол маалыматтардын негизинде абдан актуалдуу дегенди өзүнчө маселе кылып бюрого алып чыккан бир нече учурларды айтып берди. 

Усубалиев республикалык деңгээлдеги жетекчи болгону менен, адамдын жөнөкөй жашоосундагы маселелерге көз салып турганы көптөрдүн ичин жылытчу дейт. 

"Менден окумуштууларга өзгөчө көңүл бурууну талап кылчу. Алар коомдук адамдар, эл көзүндө жүрөт, көз жаздымда калтырба деп, ушуга окшогон, ал тургай үй оокаттары менен камсыздоо маселелерди өзү акырын эскертип койчу. Муну менен биз анын республикалык деңгээлдеги маселелерден тарта элдин күнүмдүк жашоосуна да көз салып турагындыгын байкаар элек. Жеке мен үчүн Турдакун Усубалиев дагы деле устат, дагы деле беделдүү жетекчи катары кала берет ", — деди Ташыбекова.

Усубалиев менен 23 жылга чукул иштешкен, кийин легендарлуу парламентке депутаттыкка чогуу шайланган окумуштуу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Жамин Акималиевди да кепке тарттык. 

"Турдакун Усубалиевич 25 жылга жакын иштеп Кыргыз Республикасын айыл чарба мамлекетинен индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Ошол кездеги көрсөткүч боюнча бизди Советтер Союзундагы он беш республиканын ичинен үчүнчү орунга чыгарды. Эми бул экономика жаатында. Андан сырткары, бул жетекчинин тушунда илим, билим абдан өнүгүп, адабият, маданият, искусство гүлдөдү. Адамзаттын генийи болуп турган Чыңгыз Айтматов чыкты, бийчи Бүбүсара Бейшеналиева, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов жана андан сырткары маданияттын дагы көп өкүлдөрү Кыргызстанды сыртка таанытты", — деди Акималиев.

Усубалиевдин Фрунзенин борбор катары өнүгүүсүнө эбегейсиз зор салым кошкондугуна токтолуп, кезегинде анысы үчүн эскертүү алган учурлары болгондугун айтып берди. Анткен менен 80-жылдардан тарта, өзгөчө, 84-жылдары ошол кездеги Фрунзе шаарын жаркыратып койгон.

"Азыркы Бишкектеги Ак үй, Ала-Тоо аянты, Агропром комплекси, Кожомкул атындагы спорт сарайы, драмалык театрларды өзү архитекторлор менен кеңешип отуруп түзүп чыккан. Мунусу үчүн жогору жактан тил да уккан. Шаардын ортосун оңдоп, акчанын баарын короткон деп кезегинде бул кишини Москвада сындап чыгышкан. РСФСРдин өкмөт башчысы Воротников Фрунзеге келип, шаарды көрүп кеткенден соң борбордук бийликке айтып барган экен. Фрунзе анда орто Азиядагы мыкты борборлордун алдыңкысы болуп эсептелген", — деп эскерди ал.

Акималиев эскерүүнүн аягында Усубалиевдин жанындагы коштоп жүргөн аткаминерлерди кыйсыпыр түшүрүп, чабандын алачыгынан беш бармак жегенин айтып берди.

Гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт
Бир ирет Кыргызстандын 1-катчысы Ак-Талаа районуна Нарын дайрасын ат менен кечип барып, мал чарбасын, талааны кыдырат. Убакыт өтүп кетип, жанында жүргөн райком баштаган чоңдор түшкү тамакты эмнегедир унутуп, эстегенде кыйсыпыр түшүп калат. Аны көргөн ошол жердеги жөнөкөй, жупуну турган чабан, Турдакун аксакал, менин үйүмдөн даам сызып кетиңиз дейт. Муну уккан райком чалкасынан кетип, чабанды "падышаны сен үйүңө чакырып…" деп тилдеп жатып калат… Усубалиев ошол чабандын кичинекей үйүндө эт жеп, шорпосун ичип, бата кылып, туруп кетет. 

Бул окуяны анын жанындагылар да, жергиликтүү эл да көпкө айтып жүрүштү, деп кошумчалады Акималиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0