БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Белгилүү акын, Жаштар сыйлыгынын лауреаты Барчынбек Бугубаев каза болду. Бул тууралуу маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тастыктады.
17-сентябрь күнү узак оорудан дүйнө салган Бугубаев 1963-жылы Кочкор районунун Мантыш айылында туулган.
1988-жылы Кыргыз мамлекеттик универститетинин филология факультетин аяктап, ошол эле жерде лингвистика кафедрасында эмгек жолун баштаган. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын адабият бөлүмүн жетектеген.
Чыгармачылык жолу 1980-жылы "Жаш ленинчи" журналына жарыяланган "Китеп" аттуу ырынан башталат. "Ак бороон", "Адамзатка кайрылуу" жыйнактарынын автору.
1996-жылы президенттин "Алтын калем" сыйлыгына ээ болгон.
Акын Барчынбек Бугубаевдин сөөгү эртең, 19-сентябрь күнү өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Мантыш айылына коюлат.