Профессор, академик Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнөдөн өттү

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүПрофессор, академик Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнөдөн өттү
Профессор, академик Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнөдөн өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү окумуштуу, географ жана коомдук ишмер Кайып Оторбаев 93 жашында каза болду.

Бишкек, 22-фев. – Sputnik. Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, география илимдеринин доктору, профессор 93 жаштагы Кайып Оторбаев дүйнөдөн өттү. Ал КРдин учурдагы премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин атасы. 

Кайып Оторбаев 1922-жылы 22-апрелде Кемин районунун Тегирменти кыштагында туулган. 

Кайып Оторбаев өлкөнүн спорт (футбол) боюнча ветераны, Жогорку Советтин эки жолку депутаты болгон. Футболду мыкты өздөштүргөн Кайып Оторбаев кезегинде Москванын атактуу "Спартак" командасынын курамында ойногон. 

Ал Кыргызстандын жана анын райондорун комплекстүү экономикалык-географиялык жактан изилдөө ишине чоң салым киргизген. Анын жетекчилиги астында 1971–1990-жылдардагы республиканын эл чарбасын өнүктүрүүнүн схемасы иштелип чыккан.

География илимин өнүктүрүүдөгү жана мамлекетке эмгеги үчүн Кайып Оторбаевге "Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери” наам ыйгарылып, "Эмгек Кызыл Туу", "Манас" ордендери жана 1941–45-жылдары согуштагы эрдиги үчүн Жуков медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталарына татыктуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0