- 1947-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган.
- 1967-жылы Москвадагы Луначарский атындагы Театр өнөр институтуна тапшырган.
- 1972-жылы аталган окуу жайды аяктаган.
Ош драма театрында, Туңгуч жаштар театрында, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген.
Сахнада кыргыз драматургдарын калеминен жаралган Тейитбек (К. Жантөшев, "Курманбек"), Токтогул (Б. Жакиев, "Миң кыял"),Осмонкул (К. Маликов, "Осмонкул"), Машырбек, Мажит (Т. Абдумомунов, "Машырбек үйлөнөт", "Жарыктык карыларым"), Танабай (Ч. Айтматов, "Танабай Бакасов"), Семетейдин (Ж.Садыков, "Манастын уулу Семетей") ролун аткарган. Андан сырткары дүйнөлүк драматургияда Думана (М. Карим, "Ай тутулган түндө"), Лопахин (А. П. Чехов, "Алчалуу бак"), Король Лирди (У.Шекспир, "Король Лир") ойногон.
Андан сырткары кинодо "Фудзиямадагы кадыр түн", "Чиркин өмүр", "Айыл өкмөтү", "Сокур кемпир көрөгөч", "Президент менен бомж" тасмаларына тартылган.
Эл аралык аренада Россия менен АКШ биргелешип тарткан "Взять Тарантину!" аттуу тасмасына түшкөн.