БИШКЕК, 3-янв — Sputnik. КР эмгек сиңирген артисти Гүлзат Батырканова 2-январда Караколдо болгон жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты КТРКдагы "Сармерден" теледолбоорунун автору Сагын Ниязалиева да тастыктады.
"Азыр чыгармачыл жамаат менен көз көрсөтүү үчүн кетип жатыбыз. Кечинде радиодон да түз алып уктуруу болот. Гүлзат Батырканова "Сармерден" теледолбоору башталгандан бери "эрке жеңе болуп" келген. Анын сөөгү эртең Кызыл-Дыйкан айылында жерге берилет", — деди ал.
Маалыматтарга караганда машинаны Гүлзат Батырканованын баласы айдап келе жаткан. Ал олуттуу жаракат алган жок.
Белгилей кетсек, Гүлзат Батырканова КР эл артисти Шахра Талипованын кызы.