00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Тараптар саламдашкандан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды. Ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди. "Салтанаттын алкагында Садыр Жапаров Ардактуу кароол командиринин коштоосунда килем төшөлгөн жол менен өттү. Кыдыруу аяктаган соң эки мамлекеттин расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен лидерлердин кыскача саламдашуусу болду", — деп айтылат маалыматта. Расмий салтанаттан кийин мамлекет башчысы жана Пакистандын премьер-министри биргелешип бак отургузууга катышып, андан соң сүйлөшүүлөр үчүн залга бет алышты.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы кадр жетишсиздигинен Пакистандын жарандарын ишке ала баштагандыктарын ишкана директору Жолдошбек Чуштуков шаардык кеңеште өткөн жыйында билдирди. Андан сырткары эл таштанды менен иштегенди каалабагандыктан, 80-90 миң сомдук айлыкка келбей жаткандыгын айтты. Ишкананын жетекчиси мекемеде кадр тартыштыгы болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, техника бар, бирок айдоочу жок, ал табылса, жүк ташуучу жетишпейт. Маалыматка таянсак, ишкана 50дөн 100гө чейин сандагы жүктөп иштеген жумушчуга муктаж. Кадрдын тартышыгын азайтуу үчүн 10 жүктөөчү орунга пакистандыктар алынып, иштеп жатышат. "Мүмкүн болгон жерлерге — социалдык тармактарга, телевидениеге, "Аламүдүн", "Орто-Сай", "Ош" базарларына, радиотүйүндөргө жарнама бердик. Орточо айлык 40-45 миң сом. Күнү-түнү көп тонна жүк чогулткандар 80-90 миң сомдой алышат. Ошого карабай бул жумушта иштегиси келгендер аз. Эл жөнөкөй эле айтканда, таштанды менен иштегиси келбей жатат", — деди Чуштуков. Ал кошумчалагандай, кызматкерлер кышкы кийимдер менен толук камсыздалган, бирок азыр жарык берүүчү шаймандар менен иштөөгө мажбур.
Кыргызстанда жер титиреди. Маалыматты Илимдер академиясынын Сейсмологя институту тастыктады. Силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашкан. Бул Бедел айылынан түштүк-чыгышты көздөй 40 чакырым, Кумтөр кенинен 85, ал эми Каракол шаарынан түштүктү көздөй 145 чакырымда. Аталган жерлерде жер титирөөнүн күчү 4-4,5 балл, Бишкекте 3 балл болуп сезилген.
Россиянын президенти Владимир Путин АКШ лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолугушуунун жыйынтыгын өтө пайдалуу деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Менимче, азырынча айтууга эрте, бирок ошентсе да бул жолугушуу зарыл болчу дей алам", — деди РФ башчысы. Президенттин кебинин урунттуу учурлары булар: Америка тараптын сунуштары Трамп менен Аляскадагы макулдашууларга негизделген; дээрлик ар бир пункт каралды, ошондуктан жолугушуу көп убакытты алды; Россия ДЭР менен ЛЭРдин жана Украинанын ортосунда мамиле түзүүгө аракет кылган, бирок Киев аларды тааныган эмес. Ал эми республикалар анын курамында калууну каалашкан жок жана муну референдумда далилдешти; АКШ өкүлдөрү Трамптын планынын 27 пунктун 4 топко бөлүп, аларды өз-өзүнчө талкуулоону сунуштады; Америка тарап учурда ортомчулук дипломатиясы менен алектенип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0