https://sputnik.kg/20251205/1098384645.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин жолугушуусу жыйынтыкталдыМосквада "Чет өлкөдөгү эң мыкты орус мектеби"... 05.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-05T19:00+0600
2025-12-05T19:00+0600
2025-12-05T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/05/1098384479_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a09dc48d01d8b5070747d0b1147992ee.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин жолугушуусу жыйынтыкталдыМосквада "Чет өлкөдөгү эң мыкты орус мектеби" сынагы өттүӨзбекстан кийинки жылдан тарта Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоону баштайтШайлоо тилкесинен тышкары мыйзам бузуу фактыларын укук коргоо органдары кароого милдеттүү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, шайлоо тилкелеринен сыртында жасалган добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча БШКнын жумушчу тобу иштебейт. “Себеби бул кылмыш. Ал эми кылмышка юридикалык баа берилиши шарт. Юридикалык бааны укук коргоо органдары бериши керек”,-деди ал.
Өзбекстан келерки жылдан тарта "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкентте өтүп жаткан «Туруктуу энергетика – Жаңы Өзбекстан келечегине ишенимдүү кадам» аттуу эл аралык конференцияда жарыялады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн энергия өндүрүү кубаттуулугу кыйла арткандыктан, Өзбекстан кошуна мамлекеттер менен бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү багытындагы өнөктөштүктү бекемдеп келет.
Бүгүн Москвада Мамлекеттик тарых музейинин Параддык залында V Эл аралык "Чет өлкөдөгү эң мыкты орус мектеби" конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.Быйылкы сынакка дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 1400дөн ашуун педагог катышты. Финалдык сынактар 3 жана 4-декабрда өттү. Тапшырыктар үч негизги номинация боюнча кабыл алынды: "Орус мектебинин мыкты педагогикалык жамааты" "Элчиликтин мектебинин мыкты педагогикалык жамааты" "Эл аралык мугалим" - чет тили катары орус тили боюнча мыкты педагогдорду, кошумча билим берүү педагогдорун, улуттук мектептерди жана предметтик педагогдорду камтыган номинациялар. Кыргызстандан барган мугалим Андрей Дубик "Мыкты предметтик мугалим" номинациясынын жеңүүчүсү болду. Ал Нарын шаарында информатика сабагынан берет.
Президент Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делидеги жолугушуунун жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү жасап, кызматташуунун орчундуу багыттарын белгилешти. Эскерте кетсек, РФ лидери Индияга эки күндүк мамлекеттик сапар менен 4-декбарда барган.Путин сүйлөшүү тууралуу жолугушуу майнаптуу болуп, мындан аркы аракеттердин негизги учурлары талкууланганын айтты. Ошону менен катар эле жолугушууда өкмөттөр аралык, мекемелер аралык жана корпоративдик макулдашуулардын олуттуу пакетине кол коюлгынын, көбү Россия менен Индиянын экономикалык кооперациясын кеңейтүүгө багытталганын билдирди. Моди сүйлөшүү тууралуу эки өлкөнүн байланыш-алакасы убакыт менен сыналганын, анын өзөгүндө өз ара урмат-сый жана ишеним турарын белгилеп, Россия менен Индия 2030-жылга чейинки экономикалык кызматташуунун программасын камсыздашарын кошумчалады.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 83 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 6-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 6-декабрь, шейшембиде тоолуу райондорго кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Баткенде +7...+12, Талас аймагында +6...+11, Ош, Жалал-Абад облустарында +8...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын чөлкөмүндө 0...+5 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөр болжолдонду.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин жолугушуусу жыйынтыкталдыМосквада "Чет өлкөдөгү эң мыкты орус мектеби" сынагы өттүӨзбекстан кийинки жылдан тарта Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоону баштайтШайлоо тилкесинен тышкары мыйзам бузуу фактыларын укук коргоо органдары кароого милдеттүү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, шайлоо тилкелеринен сыртында жасалган добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча БШКнын жумушчу тобу иштебейт. “Себеби бул кылмыш. Ал эми кылмышка юридикалык баа берилиши шарт. Юридикалык бааны укук коргоо органдары бериши керек”,-деди ал.Өзбекстан келерки жылдан тарта "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкентте өтүп жаткан «Туруктуу энергетика – Жаңы Өзбекстан келечегине ишенимдүү кадам» аттуу эл аралык конференцияда жарыялады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн энергия өндүрүү кубаттуулугу кыйла арткандыктан, Өзбекстан кошуна мамлекеттер менен бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү багытындагы өнөктөштүктү бекемдеп келет.Бүгүн Москвада Мамлекеттик тарых музейинин Параддык залында V Эл аралык "Чет өлкөдөгү эң мыкты орус мектеби" конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.Быйылкы сынакка дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн 1400дөн ашуун педагог катышты. Финалдык сынактар 3 жана 4-декабрда өттү. Тапшырыктар үч негизги номинация боюнча кабыл алынды: "Орус мектебинин мыкты педагогикалык жамааты" "Элчиликтин мектебинин мыкты педагогикалык жамааты" "Эл аралык мугалим" - чет тили катары орус тили боюнча мыкты педагогдорду, кошумча билим берүү педагогдорун, улуттук мектептерди жана предметтик педагогдорду камтыган номинациялар. Кыргызстандан барган мугалим Андрей Дубик "Мыкты предметтик мугалим" номинациясынын жеңүүчүсү болду. Ал Нарын шаарында информатика сабагынан берет.Президент Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делидеги жолугушуунун жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү жасап, кызматташуунун орчундуу багыттарын белгилешти. Эскерте кетсек, РФ лидери Индияга эки күндүк мамлекеттик сапар менен 4-декбарда барган.Путин сүйлөшүү тууралуу жолугушуу майнаптуу болуп, мындан аркы аракеттердин негизги учурлары талкууланганын айтты. Ошону менен катар эле жолугушууда өкмөттөр аралык, мекемелер аралык жана корпоративдик макулдашуулардын олуттуу пакетине кол коюлгынын, көбү Россия менен Индиянын экономикалык кооперациясын кеңейтүүгө багытталганын билдирди. Моди сүйлөшүү тууралуу эки өлкөнүн байланыш-алакасы убакыт менен сыналганын, анын өзөгүндө өз ара урмат-сый жана ишеним турарын белгилеп, Россия менен Индия 2030-жылга чейинки экономикалык кызматташуунун программасын камсыздашарын кошумчалады. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 83 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 6-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 6-декабрь, шейшембиде тоолуу райондорго кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Баткенде +7...+12, Талас аймагында +6...+11, Ош, Жалал-Абад облустарында +8...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын чөлкөмүндө 0...+5 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Күндүн табы борбор калаада +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска чейин көтөрүлөр болжолдонду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/05/1098384479_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2e5291ee0b0d2402e33238f0008a4e69.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио