Өздөрүнүн кыял чабатына чектөө койбостон, Бишкек шаарынын дизайнерлери ар бир үйгө майрамдык маанай тартуулай турган Жаңы жылдын негизги символу болгон балатыны колго жасап беришти.
Кайталангыс бул балатыларды Sputnik маалымат агенттиги BishkekPark соода борборунда уюштуруп жаткан атайын аукционго сатыкка коёт. Колго жасалган бул балатыларды сатып алуу менен ар бир жаран Sputnik маалымат агенттигинин материалдарынын каармандары болгон аз камсыз үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам беришет.
Аукциондон түшкөн каражаттын баары балдарга жаңы жылдык белек алууга жумшалмакчы.
Кайрымдуулук долбоору Эл аралык Sputnik Кыргызстан маалымат агентиги жана радиосу тарабынан "Мен Кыргызстанды сүйөм" (Я люблю Кыргызстан) жаштар кыймылынын жана BishkekPark компаниясынын колдоосу менен ишке ашууда.

Дизайнер Елена Воронина балатыны жасоодо буга чейин калыптанып калган образды карманган

Күмүш түстөгү бул балаты ийгилик алып келээрине дизайнер ишенет

Марина Блинова жасаган бул балаты өзүндөй назик

Жүн жиптен жасалган балаты, шуру менен кооздолгон

Жаш дизайнер Алла Кивачицкая шам коюуга ылайыкталган балатыны жасады

Жагылган шамдар майрамдык маанайды чындап көтөрөрүн дизайнер белгилейт

Кийизге тартылган бул балаты кийиздей жылуулук тартууларын Толгоной Керимкулова айтат

Чыныгы чебердин колунан ушундай кооз буюмдар жасалат

Автор Жылдыз Атамбекова колунан чыккан балаты бөлмөгө аңкыган жыт берип, адамдын майрамдык маанайын көтөрөрүнө ишенет

Бул балаты кофе дандарынан жана буудай акшагынан жасалганы менен айырмаланат

Гүлсина Белекова жаңы жылдык балатыны Sputnik агенттиги үчүн даярдаган

Улуттук ою-чийме менен кооздолгон бул балаты кимди болсо да кайдыгер калтырбайт

Кайыргүл Казыбекованын колунан жаралган балаты өзүнүн тыпыйган көлөмү менен айырмаланат

Чакан жана жагымдуу

Алена Алексеева жасаган балаты

Дизайнердин колунан чыккан бул балаты өзүнүн жөнөкөйлүгү менен айырмаланат.
