БИШКЕК, 14-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кувейттеги Кыргызстандын элчилигинин ачылышына катышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратын кыдырып көрүп, анын кызматкерлери менен пикир алышты.
Салтанатка Кувейттин вице-премьер-министри – Тышкы иштер министри Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах жана КРдин ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев катышты.
Атамбаев андан ары сапарын Катар өлкөсүнө улантты.