Хайнань аралындагы Кыргызстан менен 117 өлкөнүн сулууларынын эрмеги эмне?

© предоставлено Таттыбубу Самидин кызыСулуулук сынагынын жеңүүчүсү Самидин кызы Таттыбүбү.
Сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Самидин кызы Таттыбүбү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн сайын даярданып жана кайрымдуулук иш-чараларына катышуу менен катар кыргыз сулуусу спорт менен машыгып, кытай курортунун ажайып жээгинде эс алат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. "Miss World—2015" сынагына дүйнөнүн булуң-бурчунан 117 сулуу чогулган деп айтып берди Sputnik кабарчысына улуттук сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Самидин кызы Таттыбүбү.

21-ноябрдан 19-декабрга чейин Кытайдын Санья шаарында 65-эл аралык "Miss World—2015" сулуулук конкурсу өтүп жатат. 13-декабрдан тартып сынактын жыйынтыктоочу тандоо турлары Beauty Crown Grand Theatre чоң залында өтөт. 

© предоставлено Таттыбубу Самидин кызы21-ноябрдан 19-декабрга чейин Кытайдын Санья шаарында 65-эл аралык "Miss World—2015" сулуулук конкурсу өтүп жатат
1/5
21-ноябрдан 19-декабрга чейин Кытайдын Санья шаарында 65-эл аралык "Miss World—2015" сулуулук конкурсу өтүп жатат
© предоставлено Таттыбубу Самидин кызы13-декабрдан тартып сынактын жыйынтыктоочу тандоо турлары Beauty Crown Grand Theatre чоң залында өтөт
2/5
13-декабрдан тартып сынактын жыйынтыктоочу тандоо турлары Beauty Crown Grand Theatre чоң залында өтөт
© Фото / предоставлено Таттыбубу Самидин кызыКыргызстандын атынан бул эл аралык сынакка "Мисс Кыргызстан—2015" наамына жана баш байгеге ээ болгон Самидин кызы Таттыбүбү барган
3/5
Кыргызстандын атынан бул эл аралык сынакка "Мисс Кыргызстан—2015" наамына жана баш байгеге ээ болгон Самидин кызы Таттыбүбү барган
© предоставлено Таттыбубу Самидин кызыАнын айтымында, конкурс эң жакшы өтүп жатат, баары кызыктуу жана жогорку деңгээлде болууда
4/5
Анын айтымында, конкурс эң жакшы өтүп жатат, баары кызыктуу жана жогорку деңгээлде болууда
© предоставлено Таттыбубу Самидин кызыАнын айтымында, конкурс көпкө — бир айга жакын созулгандыктан, ата-энеси кабатыр болуп жатат.
5/5
Анын айтымында, конкурс көпкө — бир айга жакын созулгандыктан, ата-энеси кабатыр болуп жатат.
1/5
21-ноябрдан 19-декабрга чейин Кытайдын Санья шаарында 65-эл аралык "Miss World—2015" сулуулук конкурсу өтүп жатат
2/5
13-декабрдан тартып сынактын жыйынтыктоочу тандоо турлары Beauty Crown Grand Theatre чоң залында өтөт
3/5
Кыргызстандын атынан бул эл аралык сынакка "Мисс Кыргызстан—2015" наамына жана баш байгеге ээ болгон Самидин кызы Таттыбүбү барган
4/5
Анын айтымында, конкурс эң жакшы өтүп жатат, баары кызыктуу жана жогорку деңгээлде болууда
5/5
Анын айтымында, конкурс көпкө — бир айга жакын созулгандыктан, ата-энеси кабатыр болуп жатат.

Конкурс башталганга чейин кыздар даярданып, кайрымдуулук иш-чараларына, параддарга катышып, Хайнань аралы менен Кытайдын курорттук бөлүгүнүн түрдүү шаарларында сүрөткө түшүп жатышат. 

Кыргызстандын атынан бул эл аралык сынакка "Мисс Кыргызстан—2015" наамына жана баш байгеге ээ болгон Самидин кызы Таттыбүбү барган.

Анын айтымында, конкурс эң жакшы өтүп жатат, баары кызыктуу жана жогорку деңгээлде болууда.

"Азыр мен Пинтан шаарындамын. Буга чейин төрт күн Фучжоуда болгонбуз. Биздин ар бир күнүбүз пландалган! Кайрымдуулук иштерине катышып, оорулуу балдарга концерт берип жатабыз", — деди кыргызстандык.

Конкурска катышып жаткан 117 кыздын ичинде Россия, Латвия, Эстония, Эквадор жана башка өлкөдөн келгендер бар. Аларды 25-27 кыздан төрт топко бөлүп коюшкан дейт Таттыбүбү.

"Катышуучулардын баары жакшы кыздар. Мен көбү менен таанышып, россиялык Софья Никитчук жана латвиялык Лесма Земене менен достоштум. Эртең биз бөтөнчө сулуу болушубуз керек, себеби улуттук кийимчен чыгабыз", — деп айтып берди ал.

Тандоо турларынын биринде "Кыргыз бий" музыкасынын коштоосунда улуттук бий бийлеп бергенин, калыстар тобун өзүнүн бөтөнчө кыймылы жана кийими менен таң калтырганын кошумчалайт ал. 

"Конкурстун номинациялары көп — мыкты улуттук кийим, мыкты талант, мыкты кечки көйнөк жана башкалар. Жеңишке болгон мүмкүнчүлүгүм жөнүндө азыр ойлоно элекмин, ошентсе да ийгиликке жетем деген үмүтүм бар. Даярдык жана иш-чаралардан бош убакта биз сууда сүзүп, Хайнань жээгинде эс алабыз же спорт менен алектенебиз", — дейт сынактын катышуучусу.

Анын айтымында, конкурс көпкө — бир айга жакын созулгандыктан, ата-энеси кабатыр болуп жатат. 

"Ата-энем Екатеринбургда турат. Атамдын аты Самидин, ал инженер-электрик, апам Даарыгүл эжем Мээрим сыяктуу флорист, иним Жолубай мектепте окуйт. Өзүм 2014-жылдан бери Бишкектемин, мода журналында редактор болуп иштейм", — деп айтып берди Таттыбүбү.

Аалам сулуусу Таңсулуу Өмүрзакова өзүнүн сырлары туурасында айтып берди
Конкурстун расмий баракчасындагы кыргызстандык сулуунун анкетасында ал таттууну аябай жакшы көрөрү, Рианна менен бирге тамактангысы келери, президент болууну жана катуу ооруларга каршы дары ойлоп табууну каалай турганы жазылган.

"Miss World—2014" өткөн жылы декабрда Улуу Британияда Лондондун ExCeL London залында өткөн. Анда сынакка 121 сулуу катышып, Түштүк Африка Республикасынын өкүлү Ролин Страусс жеңип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0