БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. НАТО Россиянын аскердик Су-24 учагынын кыйрашына байланыштуу билдирүү жасоого камданып жатканын альянс билдирди.
РФнын Коргоо министрлиги Су-24 учагы кыйроого алдын ала маалымат боюнча жердеги аткылоодон улам учураганын билдирген. Божомолдор боюнча учкучтар секирип кетүүгө үлгүргөн, учурда алардын чоо-жайы такталып жатат. Мындан тышкары, кырсыктын себептери иликтенүүдө.
Министрлик аталган учак кырсык болгон учурда Сириянын аймагында учуп жүргөнүн белгилейт.