БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанга ишемби күнү, 31-октябрда келе турганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жон Керринин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденцияда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев экөө маалымат жыйынын өткөрөт.
Буга чейин 26-октябрда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Кыргызстанга расмий сапары менен келип кеткен.