Макалдын маанисин билесиңби?

Жазылуу
Сынакка 15 жаштан 23 жашка чейинки Кыргызстандын бардык атуулдары, чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын жаштары катыша алышат.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргыз тилинин конституциялык даражасын көтөрүү, анын социалдык, коомдук маанисин жогорулатуу жана өсүп келе жаткан муунга маданий-тарыхый мурастарды, руханий дөөлөттөрдү жеткирүү жана мекенчил болууга тарбиялоо максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы "Сен сүйгөн кыргыз макалы" сынагын жарыялады.

Алыкул Осмоновдун үй музейинен китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмоновдун дагы бир түрк тилиндеги жыйнагы басылып чыкты
Сынакка 15 жаштан 23 жашка чейинки Кыргызстандын бардык атуулдары, чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын жаштары катыша алышат. Катышуучулар макал-лакаптардын бирин тандап дил баян жазуусу керек.

Дил баян көркөм стилде жазылып, автордун жан дүйнөсүндөгү ой толгоосу берилип, саясий маселелер камтылбашы керек. 

Сынак район, шаардык (октябрь-ноябрь айлары), облустук (декабрь-январь) жана республикалык (февраль) болуп өткөрүлөт.

Ал эми чет жактагы кыргыз диаспораларынын жаштарынын эсселери кат жана электрондук (kyrgyzmakal.2015@gmail.com) түрдө 2016-жылдын 30-январына чейин кабыл алынат. 

Сынактын жыйынтыгы 2016-жылдын март айында чыгарылып, дил баяндар атайын жыйнак болуп чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0