БИШКЕК, 24-авг — Sputnik. Эгемендик майрамынын урматына уюштурулуп жаткан концертке Россиянын эстрада жылдыздары келе турганын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Майрамдык концерт 31-августта кечки саат 6:30дан тарта түн ортосуна чейин Ала-Тоо аянтында өтөт. Кыргызстандыктардын маанайын Дима Билан, Григорий Лепс, Вера Брежнева жана "Город 312" тобу көтөрөт. Россиялык эстрада жылдыздары боюнча кенен маалыматты мэрия кийинчерээк билдирмекчи.
31-августта күндүз борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар өтөт. Кыргызстандыктарды президент Алмазбек Атамбаев, шаар мэри Кубанычбек Кулматов жана өкмөт мүчөлөрү куттукташат.
Кыргызстан 1991-жылы 31-августта СССРдин курамынан чыгып, өз алдынча эгемендүү мамлекет болгон.