Бир күндө эки адам сууга чөгүп кетти

© flickr.com / Harold LitwilerСактоочунун посту. Архив
Сактоочунун посту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктар 17-августта Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жана Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында болгон.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бир күндө Кыргызстана эки адам сууга чөгүп кетти деп билдирет ӨКМ/

Канал бою. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Атада 36 жаштагы жаран Чоң Чүй каналына агып кетти
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 29 жаштагы Памир Исмаев чөгүп бара жаткан кызды куткарып, өзү сууга агып кеткен. Кырсык 17-август күнү кечки саат беште болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулардын издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Издөө  бүгүн да улантылат.

Ошол эле күнү түштө Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына Мады айылынын тургуну 22 жаштагы Улан Таалайбек уулу чөгүп кеткен. Кечки саат беште куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0