Ысык-Атада 36 жаштагы жаран Чоң Чүй каналына агып кетти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКанал бою. Архив
Канал бою. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 4-август күнү болжол менен кечки саат сегизде болгон. Куткаруучулар издөөгө 5-август күнү чыгышкан, бирок агып кеткен жарандын денеси табылган эмес.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында 36 жаштагы Бакыт Фатянов Чоң Чүй каналына агып кеткенин ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-август күнү болжол менен кечки саат сегизде болгон. Куткаруучулар издөөгө 5-август күнү чыгышкан, бирок агып кеткен жарандын денеси табылган эмес.

Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0