Кытай "Чыгыш Түркстандын" согушкерлерине каршы күрөштө АКШдан жардам сурады

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүКытай Республикасынын желеги. Архив
Кытай Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пекин өлкөдө иш-аракет жүргүзүп жаткан "Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы" бир катар терактыларды уюштурган жана эл аралык террористтик уюмдар менен байланышы бар деп шек саноодо.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Синьцзян-Уйгур автономдук районунда (СУАР) жайгашкан "Чыгыш Түркстандын ислам кыймылынын" согушкерлерине каршы күрөштө Кытай колдоо сурап АКШга кайрылды. Аталган уюм эл аралык коомчулук үчүн да олуттуу коркунуч жарата турганы кайрылууда баса белгиленген. 

Уйгур качкындарын Таиланд өкмөтү Түркияга депортациялашы мүмкүн
Терроризмге каршы кытай-америкалык кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жарыяланган Кытайдын ТИМинин билдирүүсүндө, "аталган уюм эл аралык коомчулук үчүн да олуттуу коркунуч жарататары" айтылат. 

Шейшемби күнү Пекинде терроризмге каршы туруу боюнча кытай-америкалык кеңешүүлөрдүн экинчи бөлүгү өттү. Жолугушууга Кытай ТИМ башчысынын орун басары Чэн Гопин менен АКШнын Мамлекеттик деппартаментинин терроризмге каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн координатору Тина Кайданов (Tina Kaidanow) төрагалык кылды.

"Кытай тарап "Чыгыш Түркстандын ислам кыймылы" жана "Чыгыш Түркстандын" башка террористтик уюмдары Кытайга, АКШга жана жалпы эле дүйнө коомчулугуна келтирип жаткан коркунуч канчалык олуттуу экенин баса белгилеп, америкалык тарапка аталган уюмдарга каршы күрөштө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды", — деп айтылат ТИМдин өз сайтына чыккан билдирүүсүндө.

Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия менен АКШ биргелешип "Ислам мамлекетине" каршы ири операция баштоого камынууда
Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, СУАРдын аймагында "Чыгыш Түркстан" террористтик уюму иштейт. Пекин алардын эл аралык террористтик башка уюмдар, атап айтканда, "Аль-Каида" менен байланышы бар деп шек санайт. 

ЖМКлар билдиргендей, "Чыгыш Түркстан" жергиликтүү уйгурларды азгырып, экстремисттерди даярдоо үчүн Сирия менен Иракка жөнөтүп жатат.

Кеңешүү учурунда тараптар дүйнөдө жана аймакта терроризмге байланышкан абал боюнча пикир алмашты. 

"Терроризм коркунучу күн санап өсүп жатканын эки тарап тең моюнга алат. Кытай менен АКШ терроризмге каршы күрөштө эки жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөө керек деген ойго макулдуктарын билдиришти. Бул эки өлкөнүн гана кызыкчылыктарына жооп бербестен, жалпы дүйнөлүк жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн мааниси зор", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы жылдары Кытайда бир нече ири теракт болгон. 2013-жылдын мартында сегиз куралчан Куньмин шаарынын вокзалында турган жүргүнчүлөргө кол салып, 29 адамды өлтүрүп, 130 адамды жарадар кылышкан.

Өткөн жылдын май айында СУАРдын Үрүмчү шаарындагы базарында эки автоунаа аянттагы топту жарып кирип, анда отурган белгисиз адамдар элге жардыргычтарды ыргыткан. Бул теракттан 39 адам өлүп, 94ү жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0