БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Машина уруп кетип каза болгон Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев эртең, 1-августта Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бул туурасында Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын директору Темирлан Сманбеков Sputnik агенттине билдирди.
"Мукамбет Токтобаев менен коштошуу зыйнаты 1-август күнү эртең мененки саат 9.00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын экинчи кабатында өтөт", — деди Сманбеков.
Директор саат 10.00дө театр алдында митинг-реквием өтөрүн, ал бүткөндөн кийин Токтобаевдин сөөгүн Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө алып чыгып кетишерин кошумчалады.
Белгилүү театр жана кино актеру 30-июль күнү Бишкектин Анкара (мурунку Горький — ред.) жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде Анкара көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан "Опель" үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, каза болгон.