БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Кыргызстан Казакстандын мисалында кошумча нарк салыгынан (КНС) баш тартууга байланыштуу салык саясатын кайра карап чыга турганын аталган мекеменин төрагасы Замирбек Осмонов билдирди.
Буга чейин Казакстан КНСтан баш тартып, сатуудан алына турган салык түрүнө өтүү чечимин кабыл алган. Сариев Мамлекеттик салык кызматынын коллегия жыйынында өкмөткө салык саясатын кайрадан карап чыга турган мекемелер аралык комиссия түзүү тапшырмасын берди.
Анын айтымында, Кыргызстан болуп жаткан өзгөрүүлөргө өз убактысында реакция жасап, мыйзамдарын жөнгө салышы керектигин белгиледи.
"Бирок КНСтан баш тартуу ири тобокелчиликтер менен байланыштуу. Дароо чечим кабыл алуу мүмкүн эмес. Андыктан эксперттик комиссия бул маселени дыкат изилдеп чыгышы керек. Казакстанда деле бул боюнча эксперттердин пикири ачакей чыккан", — деди Осмонов.
КНС — КР аймагына ташылып келингендердин наркынын бир бөлүгүн бюджет кирешесине алуунун бир таризи. Ага КРге импорттук жеткирүүлөргө салынган салык да кирет. Кошумча нарк салыгы ташып жеткирүүгө жана импортко салынат.
Кыргызстанда КНС 12 пайызды түзөт.