00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ырдалбай калган ырлар. Токон Эшпаев бүгүн 65 жашка чыкмак

© flickr.com / SqueezeboxАккордеон. Архивн
Аккордеон. Архивн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аккордеондун кубулжуган үнүнө авазы шайкеш келип, кыргыз музыкасына жаңылык киргизип кеткен Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу, аткаруучу Токон Эшпаев бүгүн 65 жашты багынтмак.

"Чаткалым", "Акманым", "Ак тилек", "Керме-Тоонун кыздары" сыяктуу чыгармалары ушу күнгө чейин элдин сүйүп уккан ырларынан. Бир жыл мурун узакка созулган оорудан каза болгон Токон аганы үзөңгүлөш жүргөн замандаштары менен эскерүүнү туура таптык.

Гүлшайыр Садыбакасаова, КР эл аристи:

— Токон агайдын менин обончулугума тийгизген таасири чоң. Устатым эле. Бул кишинин өмүрү да, өнөрү да өрнөк болуп калды. Токон агайдын экинчи өмүрү улана берет. Ырларын улам кийинки муундагы ырчылар жаңылап, шөкөттөп алып чыгып жатышат. Жакында ашы берилет. Ошондон кийин эскерүү катары Бишкек менен Ош шаарларында Токон Эшпаевдин ырларын аткарган ырчылардын катышуусу менен чоң концерт өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.

Саламат Садыкова, КР эл артисти:

Ая — "Город 312" тобунун ырчысы: Кыргызстанды ар дайым сагынам
— Токон агай менен далай концерттерди бирге өткөрдүк, мен анда алып баруучу болчумун. Кудайберген Темиров, Жолдошбек Мамажанов, Токон Эшпаев агаларыбыздын болуп-толуп турган учуру эле. Токон агай бир келип кеткен залкар да. Бир сырдуу киши эле, мен билгенден тек гана ырдады. Жулунуп, өйдө-төмөн чуркабады. Карап турсаң момун, сахнага да басмырт маанайы менен чыгып, анан ырдаганда залды жарып салчу. Ар бир ыры керемет эле. Бир калыпта жүрдү, обончулардын ак сөөгү болчу. Чыгармачыл адамдын жашоосунда жаман-жакшы нерсе көп болот, буга жараша агайдын үй-бүлөсү – тылы абдан жакшы болду.

Шахра Талипова, КР эл артисти:

— Кыргыздын чыгаан азаматтарынын бири Токон менен көп жыл чогуу иштедик. Жөнөкөй, адамгерчилиги абдан жогору эле. Бардык чыгармачыл адамдардай эле бала кыял, ишенчээк болчу. Токондун көп чыгармалары ырдалбай кетти. Көзү тирүү болгондо дагы не деген керемет ырларды жаратат эле. Экөөбүз абдан сырдашчубуз. Союз убагында аккордеону менен микрофону жок, азыркыдай фонограммасы жок залды жарып ырдаган улуу ырчы болчу. Анан жаштардын "ким ал, тааныбайм" дегенин укканда күйбөгөн жериң күл болот.

Абидин Темиров, КР эмгек сиңирген артисти:

Алыкулдун поэзиясы боюнча ыр кесени президенттин аппараты кабыл алды
— Токон Эшпаев менен 1983-жылы музыкалык мектепке келгенде таанышкам. Ага чейин бала кезде агайдын ырларын сүйүп угуп, кыргыз жыттанган ырлары менен тарбияланып келдик. Чыгармачылыкка баш-оту менен берилип, табиятынан таланттуу болбосо адамдан мындай керемет ырлардын чыгышы мүмкүн эмес. Агай устаттарымдын бири болду. Чыгармаларына таасирленип обон жараткан учурларым арбын. Кичине кезимде обончулардын жанында жүрсөм экен деп тилек кылчумун. Филармония ачылып калып, агай мени жардамчы кылып алды. Ошондо Жолдошбек Мамажанов, Асанкалый Керимбаев, түштүккө барып калганда Нурак Абдрахманов сыяктуу залкарлар менен көп жерлерди кыдырдык, агитбригада менен сакманчыларга барчубуз. Артист жашоосунун көңгөй-тескейи көп болот экен, ошондой учурларда агай дайым мени канатына калкалап, жардамын аяган жок. Эриш-аркак болуп көп жүрдүк. Токон агайдын эмгеги, ырлары менин жүрөгүмдө түбөлүккө сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0