Ая — "Город 312" тобунун ырчысы: Кыргызстанды ар дайым сагынам

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСветлана Назаренко концертте. Архив
Светлана Назаренко концертте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манты, Украина жана кыргыз менталитети жөнүндө Sputnik сайтынын кабарчысына "Город 312" тобунун ырчысы Ая айтып берди.

Бала кезин Бишкектин 6-кичи районунда өткөрүп, ырчылык жолун 13 жашында баштаган Ая Интернетке чыга турган өзүнүн болочок альбому жөнүндө ой бөлүштү. 

— Ая, баары эмнеден башталды эле?

— Мен кичине кезимден эле ырдайм. Стюардесса же башка бирөө болом деп, анан кокус эле ырчы болуп калган эмесмин. 

Атактуулардын сүрөттөрү: бешиктеги баланын бек болорун ким билет
Менин үй-бүлөмдө баары ыр жандуу. Апам элдик ырларды укмуш ырдайт, бирок кесиби боюнча ашпозчу. Атам болсо кыякты кыйын ойночу, ошон үчүн кечелердин көркүн ачкан адам эле. Анын эки жогорку билими жана Космос изилдөө институтунда ойлоп табуучулук иши музыкага болгон ышкысына тоскоол болгон жок. 

Үйдө дайыма музыка жаңырып турар эле. Апамдын айтуусуна караганда, мен кичине кезимде "Весна" магнитофону тегеренип турганда гана ал үйдөн бир нерсе жасай алчу экен. Себеби ошондой убакта эле мен жакшы уктап же, өзүмдү тынч алып такыр ыйлачу эмес экем. 

Биз жыл сайын жай мезгилин Украинанын Полтава облусунда Юрьевка деген айылда өткөрчүбүз. Ал атактуу Диканька кыштагына жакын.

Ошол айыл көчөлөрүндө дарактын көлөкөсүнө жайылган дасторконго тегерете бүтүн айыл чогулуп алып, украин ырларын созуп, илегилектер болсо үйлөрдүн жанындагы мамыларды тумшугу менен каккылап айылдыктардын ырын коштогондой болор эле. Мен ошондой кечелердин таасири менен өскөм. 

— Бишкектин кайсы жерлери өзгөчө эсиңизде?

— Менин балалыгым 6-кичи райондо өттү. Досторум да ошол жерде. Эгер бирөөнө кызык болсо, мен №23 үйдүн алтынчы подъездинде жашагам. №56 мектепте окугам. Мисалы, бир аянтчада чогуу жашаган менин досум азыр да ошол жерде турат. 

Кийин ата-энем менен "Чыгыш-5" кичи районуна көчүп кеттик. №12 мектептеги мугалимим Елена Владимировна азыр да ошол жерде иштейт, эми ал мектептин директору болду. 

— Турмуш-тиричилик жагынан Москва менен Бишкектин айырмасы барбы?

— Күндүн жогу… Терезени ачсаң, туш тарбыңды булут каптап турат, алар качан тарап кетерин эч билбейсиң. Күн ысыса, ушунча кыйын болот. Ал жак кырк градус ысыкта күйүп бышпай эле кургак, жеңил жүрө бергидей Бишкек эмес.

Бул жерде баары башка. Жер-жемишти кеп кылбай эле коёюн. Бирок акыркы кездери Бишкекте да даамсыз мөмө-жемиш пайда болду — кыязы, базарга кытайдын өндүрүүчүлөрү толуп кеткен. Бирок баары бир дагы эле даамдуу нерселерди, мисалы, эт тапса болот. Бул жагынан Москвада кыйыныраак. 

— Тамакты кеп кылып калдык, айтыңызчы, эң жакшы көргөн тамагыңыз кайсы?

— Биздин мантыны жакшы көрөм, Москвада "манты" деп аталган камырга оролгон котлетаны эмес, көп пияз, куйрук май кошулган чыныгы мантыны айтам. Дагы жакшы көргөнүм, албетте, боорсок. Бул жөнүндө кеп жок. 

Тамак бышырганды жакшы көрөм, жасаганымды элдер мактайт. Москвага да дайыма фунчоза алып барып, үйдөгүлөргө бышырып берем. Эң жакшы көргөн тамактарымдын бири ашлямфу, бирок өзүм жасап көргөн эмесмин. Аны жегени Жылдыз Осмоналиева менен "Мантыбарга" барам. 

— Бишкекти жана жалпы эле Кыргызстанды эмне менен байланыштырасыз?

— Мен үчүн туулуп-өскөн мекеним кандайдыр бир бөтөнчө күнөс, ачык менталитеттүү жердей сезилет. Чыгыштын эли куу, бетиңе күлүп, артыңан жамандык кылышат деп айтышканы менен, мен да чыгыш менталитеттиндеги адаммын — Кыргызстанда төрөлүп, Бишкекте канча жашадым, бирок андайды көргөн жокмун. 

Биздин өлкө аябай "жайлуу". Ким келбесин, биздин жерде өзүн бөтөн сезбейт, тез эле элге аралашып кетет. Анын үстүнө буга биздин аба ырайынын шарты да жакшы. Менимче, Ысык-Көл – дүйнөнүн мыкты курортторунун бири. Мен эмне айтып жатканымды билем, ишене берсеңер болот. Мен кандай гана деңиз-океандарды көрбөдүм! 

Баса, Канар аралдарынын бири жанар зоолуу Тенерифе аралы көлөмү да, түспөлү да жагынан Ысык-Көл өрөөнүнө окшоп кетет. Күндүн жылулуугу да дал ошондой, бирок ал жакта жылы бою ошондой. Ошон үчүн кышкысын биз ал жерге кетип калабыз да, жайкысын дайыма Ысык-Көлгө барабыз.

— Кыргызстанды сагынасызбы? Айрыкча көлгө түшүү башталып, шабдалы, кулпунай пайда болгондо?

— Ушундай суроолорго мен таарынам, себеби өз өлкөбүзгө кандай мамиледе экенибиз бизден көрүнбөсө, дагы кимден көрүүгө болот? 

Биз Бишкекке кайсы бир орчундуу себеп менен же жөн деле келе беребиз. Мүмкүнчүлүк жок болсо, аны ойлоп таап келебиз. Көлгө да көп барабыз. Быйыл авиабилеттерди майда эле сатып алганбыз. Ошон үчүн мен Ысык-Көлгө кайра-кайра жыл сайын эс алганы бара берем. 

Эс алуу учурунда "иш" толтура — менин виндсерфинг үчүн жаңы тактам бар, аны тээп көрүшүм керек, досторум менен жолугушум керек дегендей жана башка. 

— Бул жакка келгенде баарынан биринчи эмне кыласыз? Мүмкүн сиз дайыма барып туруучу бир өзгөчө жер бардыр?

Назаренко "Бишкектин ардактуу жараны" наамы ага эмне берерин билбейт
— Ооба, бар! Ырымга айланган "жер" – стоматолог (күлөт). Биринчиден, мен тишимди Кыргызстанда гана дарылатам. Дарыгерлердин бири биздин үн режиссер Алексей Лесниковдун классташы. Эмне үчүн экенин өзүм билбейм, бирок жарым жылда бир жолу мен тишимдин бир жерин оңдотушум керек. Кыязы, микрофон менен көп ургулайт окшойм (сулуу тиштерин көрсөтө күлүп). 

Экинчиден, мүмкүн, бул биринчидендир, досторум, себеби туугандарым Бишкекте калган жок. Баарынан да эң кымбаттары менен жолуккум келет. 

Калганы шартка жараша, бирок Кыргызстанда бош убактым болбосу турган иш. Мен аткан октой эле учуп жүрөм, такыр дем алуу жок. Аябай чарчайм, бирок жакшы жагынан алганда. 

— Досторуңуз Бишкекте көппү же Москвадабы? 

— Азыр биздин жакын досторубуз, укмуш чыгармачыл адамдардын студиясында отурабыз. Алардын бири сүрөтчү Евгений Бойков, азыр ошонун сүрөттөрүн көрүп турабыз. Анын иши жөн эле тарткан сүрөттөн бир топ өзгөчөлөнүп турат. 

Мен көп жылдан бери кайрылып келе жаткан жакын досторумдун бири Галина Бойкованын кийимдер коллекциясы да башкача орунду ээлейт. Ал экөөбүз чогуу баштаганбыз, ошон үчүн бири-бирибизге сын баа берчү эмеспиз. Эми мен ушундай адамдар мени менен экенине сыймыктанып жана суктана алам. 

Дагы бир жакын досум Жылдыз Осмоналиева, ал да азыр Москвада иштегендиктен, аны менен көбүрөөк көрүшөм. 

— Ажырашуу сиз үчүн кыйын болгон адамдар Бишкекте калдыбы?

— Ал жакта мен үчүн жакын дагы бир адам Рафаил Сарлыков, Жылдыз Осмоналиева экөөбүздүн мугалимибиз калды. Атамдын көзү өтүп кеткенине он жылдан ашты, ошон үчүн мени чыгармачылыкка жана жашоого үйрөтүү дагы эле ошол устатымдын мойнунда. Анын өтөгөн кызматы көп. Бизде эмгеги чоң адамдар ушунчалык карапайым жана түшүнүктүү болгондуктан, аларга жакын баруу кыйын эмес. Алардан бир нерсе үйрөнүп, бул турмушта бир нерсеге жетишсең болот, бирок, экинчи жагынан, бул алардын өзү үчүн өтө жаман. 

Мен жаңылыш айтышым мүмкүн, бирок, менимче, бизде мындай адамдарга татыктуу баа берилбейт. Бул өтө кейиштүү.

— Сарлыков сизге артисттик жол көрсөттү деп айтууга болобу?

Аяна Касымова "Сүрөтүңө" ырын ырдап берди
— Рафаил Тагайбековичке мен 13 жашымда кокус эле туш болуп калдым.

Апам камволдук-нооту комбинатынын бала бакчасында башкы ашпозчу болуп иштечү. Ал жерден ал ишкананын маданият үйүндө өтүп жаткан эл чыгармачылыгынын конкурсуна катышканга чакырышат. Биз апам экөөбүз "Ридна матерь моя" деген украин ыры менен (мен экинчи үн менен ырдап) биринчи орунду ээлегенбиз. Анда мен музыкалык мектепти аккордеон классы боюнча аяктап, хорго болсо жети жашымдан эле катышып жүргөм. 

Калыстар мүчөсүнүн бири Рафаил Сарлыков экен. Ал конкурстан кийин апамдын жанына келип: "Кызыңыз вокал менен көбүрөөк алектениши керек" деди. 

Ал мени "Аракет" ансамблинин балдар тобуна алып барды. Жылдыз Осмоналиева менен да ошол жерден таанышкам. Биз ошондон бери доспуз. Менин жашоом досторумдун, сүйүктүү адамдарымдын тегерегинде курулганын эми түшүнөм. Ошону менен азыр да жашап келем. 

— Кийинки альбомуңуз качан чыгат?

— Ал бар! Бирок CDлер азыр мурункудай суроо-талапка ээ эмес. Ошондуктан бизде "Best of the best" жана башка бир нече жаңы ырлар кирген винил альбому болот. 

Дегинкиси, аябай көп нерселер жазылган, бирок аларды кайсы түрдө чыгарууну биз ойлоно элекпиз. Кыйынчылык ушунда. Мүмкүн, ал интернет аркылуу, мисалы, iTunes болор.

Жаңылыктар түрмөгү
0