Жаныбарлардын тоюту атайы борбордон сертификациядан өтөт

© Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүУйлар. Архив
Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктердин талабына ылайык жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Тоют жана тоют кошулмаларын мамлекеттик каттоо жана сертификациялоо Айыл чарба министрлигинин ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификациялоо борборуна өткөрүп берилгенин мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Ветеринар шприц менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаныбарлар дары-дармегин текшерүүнү ветеринарларга өткөрүп берүү каралууда
Маалыматка ылайык, иш-чара Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктердин талабына ылайык жүргүзүлүүдө. Тийиштүү токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койгон.

Кыргызстандын аймагында даярдалган жана өлкөдөн чыгарылган тоют үстүбүздөгү жылдын 13-июлунан тартып аталган борбордо сертификациядан өтө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0