БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, муну менен катар эле алардын мээрман, сабырдуу болушун айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы медицина кызматкерлерин куттуктап, мамлекеттин өнүгүүсү саламаттыкты сактоо системасынын абалына жана ишине жараша болорун айтты.
"Сиздер адамдын баа жеткис өмүрүн жана ден соолугун коргоп, сактап келесиздер. Албетте, мамлекеттин өнүгүүсү, экономиканын өсүшү, улуттун саламаттыгы, руханий бакубаттуулугу саламаттыкты сактоо системасынын абалына, анын ишине жараша болот", — деп айтылат Атамбаевдин куттуктоосунда.
"Өкмөт 2012-2016-жылдарга саламаттыкты сактоону реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасын бекиткен. Өлкөбүздөгү саламаттыкты сактоо системасында чечүүнү талап кылган көйгөйлөр көп экенин моюнга алыш керек. Медициналык жардам толук көлөмдө жана жетиштүү деңгээлде камсыз кылынбай жатат", — деди Атамбаев.
Мамлекет башчысы адамдар медиктерден оорудан айыгууну гана эмес, жылуу мамилени, мээрмандыкты жана сабырдуулукту да күтөрүн айтып, ар бир медик өз жоопкерчилигин сезе билип, берген антынан эч качан тайбаганы өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.