БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Учурда Кыргызстанда технологдорго, маалыматтык технология, айыл чарба адистерине, медицина кызматкерлерине, котормочулар менен лингвисттерге суроо-талап жогору. Бул туурасында Sputnik сайтына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Аталган министрликтин маалымат катчысы Толгонай Орозобекова министрлик жүргүзгөн иликтөөдө артыкчылык орунда делген беш тармак аныкталганын айтты.
"Биздин министрлик жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде төмөнкү тармактар боюнча билими барларга жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү кенен экени айкын болду. Алар технолог, маалыматтык технология, айыл чарба адистери, медицина кызматкерлери, котормочу жана лингвисттер", ― деди Орозбекова.
Sputnik жогоруда аталган багыттагы адисттерди Кыргызстандын кайсы окуу жайлары даярдарына жана окуу акысы жылына канча сом турарына кызыгып да көрдү.
Окутуу акысы боюнча Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы сап башына чыгып, эң жогорку баасы 60 миң сомду түзөрү анык болду. Ал эми технологдорду даярдоо үчүн эң көп дегенде жылына 39 миң сом талап кылынат экен.
Айыл чарба адистиги боюнча да Кыргыз-Түрк "Манас" университети башка бардык адистиктей эле акы төлөөсүз билим берет, ал эми Кыргыз Улуттук Агрардык университети болочок адистерди бюджеттик жана келишимдик негизде даярдайт. Окуу акысы 25-36 миң сомдун тегерегинде.
Маалыматтык технолог болууну каалагандар Кыргыз Улуттук университетинде 27 миңден 30-35 миң төлөп окушу керек, бул адистик боюнча окуу жайда бюджеттик бөлүм каралган эмес. Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети бюджеттик жана келишимдик негизде дардайт, окуу акысы 30-35 миң сом. Кыргыз Техникалык университетинде да бюджеттик бөлүм бар, ал эми келишимдик окуу акысы 39 миң сом.
Котормочу жана лингвисттерди эки окуу жайы даярдайт экен. Кыргыз улуттук университетинин бюджеттик бөлүмүнө өтө албай калгандар жылына 27 миң сом төлөп окуса болот. Бишкек Гуманитардык университети болсо келишимдик окуу акысын 20 миң сом деп белгилеген. Бул жерде бюджеттик негизде билим алууга да болот.
Министрликтин өкүлү Орозбекова абитуриенттер арасында мурдагыдай эле юрист, экономист адистиктерине кызыгуу күч экендин кошумчалады.
Эмгек рыногундагы абал
Биз Кыргызстандагы эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап жогору экенине да кызыктык.
Ал акыркы мезгилде админстративдик кызматкерлер (катчы, байланыш кызматкери), бухгалтер, сатуучу, тейлөө кызматына, програмисттер резюмелерин көбүрөөк калтырылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жалпы жолунан суроо-талап менен сунуштун деңгээли бир.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги эмгек ресурстарына болгон талаптарды билүү максатында тармактык министрликтерден жана башкармалыктардан атайын расмий маалымат топтошкон.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 2013−2017−жылдар аралыгында жалпы жолунан 280,1 миңден ашуун адис керектелет.
"Жумуш берүү боюнча айыл чарба тармагына 50 миң, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармагына 30 миң, курулушка 24 миң, тейлөө кызматтарына (мейманкана жана ресторан) 7,5 миң, электр тармагына 3,5 миң адис керектелмекчи", ― деди аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Айсулу Исабек кызы.
Кыргызстан боюнча быйыл 11-классты 67 миң, ал эми 9-классты 95 миң окуучу аяктады.